Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Фарид Ниязов бир жыл мурун Атамбаевдин Жээнбековго бийликти тынч өткөрүп бергенине өкүнбөйт

Азыркы президенттин шайлоо штабынын мурдагы башчысы шайлоонун бир жылдыгына карата кайрылуу жазды

2017-жылкы президенттик шайлоодо штабдын жетекчиси болгон Фарид Ниязов жалпы элдик шайлоонун бир жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады. Текстти КСДПнын маалымат кызматы таркатты.

«Мурдагы шайлоо штабы боюнча менин кесиптештерим! Урматтуу достор! 

Бүгүн 2015-жылкы 15-октябрда болуп өткөн президенттик шайлоого бир жыл толду, Ал шайлоонун жыйынтыгында Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишкен.

Карабастан, биздин көптөгөн партиялаштарыбыз ар тарапка түп кетти. Бирок мен баарыңыздарды ошондогу жалпы жеңишиңиздер менен куттуктайм!
Кыргыз Республикасынын президенттигине биздин талапкерибизди колдогондорду мын чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем! Айрыкча катардагы үгүтчүлөрдү жана активисттерди айылдагы жана шаардагы шайлоочулар менен тыгыз иштешкендери үчүн ыракмат айтам. Сиздердин ар бириңиздер чоң салым коштуңуздар ушул жеңишке жетишүүгө. Сиздер Сооронбай Шариповичке бул шайлоодо татыктуу болуп өтүүгө чоң жардам бердиңиздер.

2010-жылдын Апрель революциясынан кийин саясий багыт жана стабилдүү өнүгүүгө чакырык ташташган активисттерге өзгөчө ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү күндө коомдун кээ бир бөлүгү ички саясаттын өзгөрүшүнө байланыштуу нааразычылык кылып жатышат, бирок тарых өз ордуна коёт.  Убакыттын өтүшү менен эл баарын талдап алат. Кайсы жерде эмгек, а кайсы жерде курулай сөз бар экендигин аныкташат. Ким кошоматчы, ким чыныгы жолдош экендиги белгилүү боло турган мезгил келет. Кайсы жерде коррупция, кайсы жерде саясий куугунтук экендиги да белгилүү болот.

Былтыркы шайлоодо Атамбаев Алмазбек Шаршенович туура иш кылгандыгына мен ишенем. Президенттик мөөнөттү сактап, тынчтыкжолу менен кийинкиге өткөрүп берүү менен джемократиянын өнүгүшүнө баалангыс салым кошту.  Өлкөнүн президентин тандоодо ал кыргыз элинин биримдигин жана регионалдык бөлүнүүдөн сактап калды.Бүгүнкү күндөгү бийликтин алмашышы менен болуп жаткан процесстер бул оор жана сыналуучу учурлар. Биз бирок өз принциптерибизге катуу турабыз!

Кыргыз Республикасынын эли жана бардык саясий система бул нерседен тажрыйба гана ала алат.  Акыркы жылдары бийликтин сересинде турган адамдар өз каталарын моюндарына алып, анализ кылышы керек. Бул тажрыйбадан жакшы жыйынтык чыкса кийинкиде система курганга жаңы бийликке жардам болот. Саясий куугунтуктоону токтотуп чыныгы кылмышкерлер менен күрөшүүгө жана Кыргыз Республикасынын элине кызмат кылууга өбөлгө түзөт.

Бардыгыңарга чың ден соолук, бакыт жана эмгек жолуңарда ийгиликтерди каалайм! Биздин саясий көз караштарыбыз ар башка болушу мүмкүн, бирок максатыбыз бир болушу керек. Ал көз карандысыз, күчтүү Кыргызстан болушу керек, Конституциясы адамдын ден соолугун, өмүрүн, укугун жана эркиндигин баалай турган.

Урматым менен,
2017-жылы С.Ш. Жээнбековдун шайлоо штабынын жетекчиси Фарид Ниязов».

Фарид Ниязов, глава избирательного штаба Жээнбекова С.Ш. на президентских выборах 2017 года».

Пресс-служба СДПК
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх