Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызстан» фракциясынан эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин ордуна үч талапкер бар

Депутаттар бул кадр маселесин ушул жумада карашат

«Кыргызстан» парламенттик фракциясынан эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин ордуна үч талапкер бар. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына депутат Салайдин Айдаров билдирди.

- Бул кызматка үч талапкер каралып жатат, - деп тактады ал. - Тилекке каршы аттарын азыр атай албайм. Бул маселе боюнча фракциянын жыйыны ушул жумада болот.

Эске салсак, министр Таалайгүл Исакунова ушул жылдын 11 октябрында ээлеген кызматынан бошотулган. Өкмөттүн берген маалыматына караганда ал өз каалаоосу менен кызматтан кеткен.

Андан сырткары, анын орун басарлары да отставкага кетишкен. Алардын кетишине чет өлкөгө жасаган саякаттары себеп болгон.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх