Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жанар Акаев парламенттик шайлоодо өз партиясы менен катышууну көздөйт

Саясат таануучулар КСДПнын катарын таштап кеткен депутаттын мүмкүнчүлүгүн калчап көрүштү

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өзүнүн партиясы менен келе жаткан парламенттик шайлоого аттанууга бел байлады. Бул тууралуу оюн ал Super.kg берген интервьюсунда айтты.

Эл өкүлү келээрки шайлоого «Демилге» уюму негиздеген партия аркылуу депутаттыкка ат салышаарын түшүндүрдү.

«Эгерде эл колдосо «Демилге» менен шайлоого барам», - деди Акаев.  

Саясат таануучу Игорь Шестаков Жанар Акаевди саясий партияны жетектөөгө али жаш деп эсептейт. Ал Vesti.kg сайты менен маектешкен учурда Акаевдин айланасына чогулган адамдардын ийгилигинен баары көз каранды болот деп белгиледи.

- КСДП фракциясы олуттуу талкалануу стадиясында турат, - деп белгиледи Игорь Альбертович. - Ал эми Жанар Акаев өзүн саясатчы сезип жатат. Анын башка партия түзүү идеясы туура эле. Бирок маселе анын партия лидерлигине жарашында болуп жатат. Канткен күндө да Жанар Акаев жалпы жонунан журналист болуп эсептелет. Трибунадан туруп курч билдирүүлөрдү кылуу жетишсиз.

Ошону менен бирге Шестакович бул маселеде каржы башка роль ойноорун кошумчалады.

Өз кезегинде дагы бир саясат таануучу Марат Казакпаев ЖанарАкаевден активдүү саясатчыны көрүп тургандыгын айтат.

- Эгерде алар партия катары каттала турган болсо, аны колдошот, дейт Vesti.kg сайтына Казакпаев. - Ал активдүү саясатчы. Андан сырткары анда жол башчынын сапаты бар. Баары алардын эки жыл ичинде канчалык даярдык көрөөрүнөн көз каранды болот. Кыскасы аларды колдоочулар бар.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх