Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Генерал Өмүрбек Субаналиевдин сөзү ИИМге катуу тийди

Ички иштер Министрлигинин ардагерлер Кеңеши мурдагы милициянын чиновниги сөзүн абайлап сүйлөсө болмок деп билдирди

Ички иштер Министрлигинин кылмыш милициясы Кызматы жана ардагерлер Кеңеши мурдагы ИИМдин башчысынын орун басарынын Vesti.kg сайтына айткандарын таптакыр танып жатышат. Ал «Укук коргоо органы жакшы иштеп жатат деген сөз болбогон кеп» деп айткан эле.
 
Ички иштер органынын өздүк курамы, коомчулук мамлекеттик реформаны колдойт.

Укук коргоо мекемелеринин жетекчилери коомчулуктун коопсуздугу үчүн бардык чараларды көрүп жатат. Мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоо, алардын укуктарынын сакталышы жана эркиндиктери үчүн кам көрүшөт. Алардын негизги тапшырмасы ыкчам кызматтык чечимдердин жыйынтыгы жана тартипти чыңдоо. Өздүк курамдын моралдык психологиялык жактан жакшыртуу жана калктын катмары менен тыгыз байланышта болуу алардын негизги милдеттеринин бири.
2018-жылы  5-октябрда ИИМ кылмыш иликтөө милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгиледи. Бул жылдардын аралыгында бул бөлүкчөнүн кызматкерлери жарандардын сый урматына бөлөндү. Укук коргоо органдарындагы реформанын алкагында ИИМде 6 өз алдынча кызмат түзүлгөн. Бөлүктөр кеңейтилип, өзгөртүлүп бирок кылмыш дүйнөсү менен күрөшүү сапаты өзгөрүүсүз калды.

Парламенттин депутаты Туратбек Мадылбековдун Vesti.kg сайтына берген маегинде укук коргоо органдарында бюрократия жана кадрлардын жетишсиздиги негизги көйгөй бойдон калып жатат деген сөзүнө жооп иретинде милицияда кадрлардын жетишсиздиги жок деп белгилей кетели. Элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу максатында, ички иштер МИнистрлиги борбордук аппаратта, ИИМ, ШИИБ, облустук ИИБ жарандардын арызына өз убагында жооп кылуу бөлүкчөлөрдү чыңдоо чаралары көрүлдү.

Андан сырткары, Өмүрбек Субаналиевдин статьясында жарыя кылынгандай: «Алтургай кылмыш милициясынын юбилейиндеги докладда да өлкөдө «мыйзамдагы уурулардын» жана көмүскө экономиканы көзөмөл кылган кримтөбөлдөрдүн бар экендигин айтышкан жок».
Бул туурасындай белгилей кете турган нерсе, учурда УКТ иш аракеттери тууралуу активдүү иштерди жүргүзүп жатабыз. УКТ каржыланган акчанын мыйзамсыз агымын, ал акчалардын жуулушун ыкчам иликтөө мүнөзүндөгү иш чараларды өткөрүп жатабыз. Азыр УКТ мындан 10-15 жыл илгеркидей айбатын көрсөтө албай калган.

 Биз тууралуу терс пикирлер бир гана саясий жетекчилерге гана упай алып келиши мүмкүн. Ошондуктан мурунку укук коргоо мекемесинин жетекчиси байкап сүйлөсө болмок.

Ал эми юрист Нурбек Токтакуновдун сөзүнө келсек, ал дайыма эле укук коргоо органдары тууралуу терс пикирин айтып келет. Ар бир айтылган сөз - бул өзүн өзү пиарлоо. Активист дайыма ички иштер органдары тууралуу коомчулукта жаман пикир жаратууга аракет кылат. Ушундан улам ал тууралуу мындай ой жаралат, ал жакшыраак нерсе ойлоно албайт деген.

Ички иштер кызматкерлеринин жана анын жетекчилеринин аброюна атайылап шек келтирүү коомчулукта чоң коркунуч жаратат.

ИИМдин ардагерлер Кеңеши ИИМдин маалымат кызматы менен биргеликте бул жарыяланган чыгарылышты кылдат крап көрүшөт.

КР ИИМ ардагерлер Кеңеши
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх