Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Болочоктогу ТИМ башчысы сөзүнөн кайтчулардан эмес. анын өзүнүн алган багыты бар

Чыңгыз Айдарбеков тууралуу, анын жөндөмү бар деп айтышат, бирок укмуштуудай жетишкендиктери деле жок

Чыңгыз Айдарбеков - жөндөмү бар адам, бирок Кыргызстандын мамилесин өз алдынча башка өлкөлөргө теңата кылып алып кетүүгө алы жетээр, жетпеси азыр белгисиз. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына эксперт Бакыт Бакетаев билдирди.

- Ал баскычтан өтүп келе жаткан элчи, Жогорку Кеште иштеген, ТИМ, элчиликте иштеген, - деп белгилейт ал.

Кесиптик билими бар. Бирок ал жаш, кол алдындагылар тоготоор бекен? Андан сырткары, Айдарбеков жогору жактын шааратысыз эл аралык мамилени чече алаар бекен.

Бакетаев парламентте иштөө адамга көп нерсени берет джеп мойнуна алат, бирок ошону менен бирге Айдарбековдун мурунку иштериндеги ийгиликтери тууралуу кпагандыгын кошумчалайт.

- Эгерде ал мекемени жетектесе, ага чыгаан элчилерден тажрыйба алууга туура келет, мисалы Аскар Айтматов, - деп эсептейт ал. - Кыскача айтканда аны Путин кабыл албайт. Алтурсун Лавров да кабыл албайт, кабыл алса анын орун басары кабыл алышы мүмкүн.

Юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев тетирисинче, премьердин бул талапкерине таң калып да, ыраазы болуп да турат. Ал Vesti.kg сайтына билдиргендей, Чыңгыз Айдарбеков кесипкөй элчи, бул жаатта көп баскычтардан өтүп келди.

- Ал эл аралык кылмыштуулук боюнча кандидаттык диссертациясын жактаганда мен анын оппоненти болгом, - дейт Осмоналиев. - Мен аны мактай гана аламын. Анын жеке мамилеси да элчиникиндей, сылык-сыпайы.

Мурда Vesti.kg сайты Кайрат Осмоналиевдин мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин кол алдындагыларды фейсбукта артынан түшүп алат деген сөзүн жазган эле.

- Көптөрү ушундан кийин жок болуп кетишкен. Айдарбеков болсо жок болмок турсун лайк басып, комментарий жазат, - деп белгиледи ал. Ушундан улам мен анын багыты бар экендигин түшүндүм.

Дагы бир кызыктуу факт: Кайрат Осмоналиевдин сөзү боюнча Чыңгыз Айдарбеков - белгилүү советтик мамлекеттик ишмер, Кара-Кыргыз революциялык комитетинин төрагасы , Кыргыз АССРнин Эл чарбачылыгынын Борбордук Кеңешинин төрагасы жана Кара-Кыргыз АССРнин Башкы Сотунун төрагасы Иманалы Айдарбековдун небереси. 

- Чоң атасынын татыктуу небереси, - деп эсептейт ал. 

Эске салсак, Vesti.kg сайты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тышкы иштер министрлигине Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин көрсөткөн.

Чыңгыз Айдарбеков 1977-жылы Бишкекте туулган. 1998-жылы КЭУ элчилик факультетин бүтүргөн. 2001-жылы «Юриспруденция» адистиги боюнча магистратураны бүткөн. 2017-жылы аспирантураны бүткөн.

1998-2005 жылдары КР ТИМде ар кандай кызматтарда иштеген.

2005-2008 жылдары Кыргызстандын Өзбекстандагы элчисинин кеңешчиси болгон.

2008-жылы ТИМге кайтып келип бөлүм башчы болгон.

2008-2010 жылы КР Түркмөнстандагы элчисине кеңешчи болгон.

2011-жылы президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти болгон жана бул бөлүмдүн башчысына орун басар болгон.

1012-2016 жылдары Жогорку Кеңештин аппаратында эл аралык байланыш бөлүмүн жетектеген.

2016-жылдын апрелинен бери ушул убакка чейин Кыргызстандын Жапан өлкөсүндөгү атаын жана йыгарым укутуу элчиси болуп эмгектенет.

Мурдагы тышкы иштер министри Эрлан абдылдаев өткөн жумада отставкага кетти.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх