Аскер сотунун мурунку төрагасы жарым жылдан бери Кыргызстандын аймагында жашынып жүрөт
Милициянын маалыматы боюнча, Нурланбек Ашымбековго 7-апрель окуясы боюнча өкүм чыгып, өлкөнүн аймагында жашынып жүрөт
Кыргызстандын Аскер сотунун мурдагы төрагасы пара алууда айыпталган. Нурланбек Ашымбеков мурункудай эле укук коргоочулардан качып жүрөт. Бул тууралуу ички иштер Министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сеитов Vesti.kg сайтына билдирди.
- Ашымбеков азырынча кармала элек, - деп маалымдады ал. - ИИМдин кылмыш милициясы Кызматы Башкармалыгынын маалыматы боюнча, ал чегараны кесип өтө элек. Жүргөн жери азырынча белгисиз.
Эске салсак, Аскер сотунун мурунку төрагасы Нурланбек Ашымбековго 7-апрель окуясы тууралуу өкүм чыккан. Аскер прокуратурасы ага ушул жылдын март айында издөө жарыялаган.
Ашымбеков СГО төрагасынын орун басары Данияр Дунгановдон 50 миң доллар пара алган деп айыпталууда, Дунганов 7-апрель окуясы тууралуу соттолгондордун арасында бар. Ал 25 жылга эркинен ажыратылган.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www