Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Төлөмдөр бир гана чиновниктердин чөнтөгүнө солонот». Транспорт министрлигин сотко беришет

Укук коргоочулар мекемеде карапайым жарандардын укуктары бузулуп жатат дешет

«Коррупциясыз коом» коомдук бирикмеси транспорт жана жол министрлигин сотко берет. Бул тууралуу коомдук бирикменин башчысы Манас Кадыров билдирди.

- Машиналарды таразага тартуудагы төлөмдөр мыйзамсыз, - дейт ал. - Төлөмдөрдү алуу тууралуу токтом Өмүрбек Бабановдун убагында киргизилген. Муну алып салуу керек. Анткени мыйзамда акча таразага тартууга алынат деп. Бирок айдоочулар эч кандай кызмат көрбөйт, анткени көзөмөлдү транспорт министрлиги кылышы керек. Андан сарткары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн тизмесинде бул төлөм жок.

Кадыров транспорт Министрлигинин мекемеге тийешелүү машиналар үчүн бул төлөмү жокко чыгаруусу карапайым калктын укугун бузат.

- Бул укуктарыбызды тебелөө болуп саналат, - дейт ал. - Биз жакында эле салмакта көлөмдү текшерүү пунктунда болдук, ал жерде мыйзам бузуулар бар.Төлөмдөр чиновниктердин чөнтөгүнө кетип жатыптыр. Биздин далилдерибиз бар. Биз азыр транспорт Министрлигин сотко бергени жатабыз, документтер даяр.

Түшүндүрө кетели, транспорт жана жол Министрлиги коомчулуктун талкуусуна кээ бир чечимдерди өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорду алып чыкты.

Андан сырткары, жолдогу максималдуу уруксат берүүчү төрт негиздүү автомобилдердин параметрлери ЕАЭБдин талаптарына жооп бере турган кылып өзгөртүүгө ниеттенүүдө.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх