Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Рыскелди Момбеков: Фракция лидери Иса Өмүркулов мени менен сыймыктанам деп айтты

Депутат аны КСДПнын катарынан чыгарат деп билдиришкен журналисттер менен сүйлөшүүгө ниеттенет

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков аны КСДПнын катарынан чыгарышат деген маалыматты четке какты. Ушул маалыматты таркаткан журналисттерди таап териштиргиси келет.

- Мен аларды азыр таба албайм, бирок баары бир териштиребиз, - дейт ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. Мени фракциядан чыгаруу маселеси каралган эмес. Кечээ мен 50 жылдык маарекемди өткөрдүм. Иса Өмүркулов келип, мени менен сыймыктана тургандыгын айтты. Мени КСДПнын бирден бир күчтүү депутаты деп айтты.

Депутат аны партиянын лидери Алмабек Атамбаев жана президент Сооронбай Жээнбековдор куттуктады деп кошумчалады.

Түшүндүрө кетели, мурда Би-Би-Си Кыргыз кызматынан Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынан Рыскелди Момбеовду чыгаруу маселеси талкуулангандыгын билдирген.

Стаьяда акыркы убактарда фракция лидери Иса Өмүркулов менен депутат Рыскелди Момбековдун пикирлери келишпей жүрөт деп айтылат. Омбудсменди шайлоодо КСДП Токон Мамытовдун талапкерлигин көрсөткөн, ал эми Момбеков Рита Карасартованы колдогон.

«Эгерде мамлекет Мамытовду талап кылып жатса, анда биз баарыбыз ошону шайлашыбыз керек. Ал эми мамлеукетке омбудсмен институту керек болсо анда Рита Карасартованы шайлайбыз» - деген депутаттын сөзүн келтирет Би-Би-Си.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www  


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх