Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Коопсуз шаар» эски сценарий боюнча бузулдубу?

Биринчи вице-премьер долбоорду ишке ашырууну кээ бир чиновниктер артка тартып жатат дейт

«Коопсуз шаарды» 2011-жылкы сценарий боюнча эле кайра кайра бузуп жатышат. Бул тууралуу депутат Наталья Никитенко билдирди ("Ата Мекен").

«Долбоорду жок кылыш үчүн бир эле схема жүрүп жатат,  - дейт ал. - Арыз берилет жана тендер жокко чыгарылат. Өкмөттүн багыты түшүнүксүз. Долбоордун үзгүлтүккө учурашына ким жооп берет?»

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов 2012-жылы өкмөттүн курамынан 5-6 алмашып кеткендигине байланыштуу күнөөлүүнүн табууга мүмкүн болбоду деп түшүндүрдү.
«Бул долбоорду ишке ашыра албагандыгыбыздын жазасы», - дейт ал. 

Ошону менен эле бирге биринчи вице-премьер кээ бир чиновниктер «Коопсуз шаардын» ишке ашышын артка тартып жатат деди.

«Чиновниктер тарабынан артка тартуу бар, - деп белгиледи Боронов, - Бирок факт болбогондуктан кол менен сайып көрсөтө албайм».

Бирок ал өкмөт сотту күтпөйт, Бишкекте долбоор ишке ашпаса, аймактардан баштайбыз деди.

Депутат Мирлан Жээнчороев «Коопсуз шаар» боюнча тендерге УКМК аралашып жаткандыгын кошумчалады.

«Силерди конкурска өкмөткө баш ийген компаниянын катышкандыгы таң калтырган жокпу? - дейт депутат. - Өкмөт чет элдик компанияны колдойт, ал эми жергиликтүү компаниялар өкмөттүн чечимине арыз жазыша. Силер атайылап көйгөй жаратып туруп, анан четке чыга бересиңер».

Буга Кубатбек Боронов макул эмес, ал өкмөт эчкимди колдобойт, болгону орусиялык компаниянын жеңишин баалады дейт.

Эске салсак, «Коопсуз шаар» боюнча тендер дагы бузулганы турат. ЖЧК «Маалымат системасынын коопсуздугу»  «Вега» компаниясынын жеңиши мыйзамсыз дейт. Анткени ал компаниянын акыркы 3 жыл ичиндеги тажрыйбасы тууралуу сүрөттөрү жок. Комиссия муну менен макул болуп, тендерлик комиссиянын жыйынтыгын жокко чыгарды.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх