Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ушунча жылдан бери сот реформасы менен алпурушуп келебиз, бирок эч нерсеге жетише алган жокпуз»

Депутат биринчи инстанциянын сотторун жоюуну сунуш кылды. Эксперттер бул идеянын максатын түшүнгөн жок

Биринчи инстанциянын сотторун жоюу менен көйгөйдү чечүүгө мүмкүн эмес, мындай практика соттордо болгон. Мындай деген пикирин  Vesti.kg сайтына саясат илимдеринин доктору, юрист Канатбек Азиз бөлүштү.

- Маселе сот системасынын өзүнүн түзүлүшүндө болуп жатат, ал эми адам фактору бул жерде негизги көйгөй эмес, - дейт ал. - Көптөгөн чечимдер буйрутма түрүндө болоорун моюнга алыш керек. Бул бир эле саясий иштерге тийешелүү эмес. Кайсы инстанцияда болбосун соттор өздөрүнө ыңгайлуу гана чечимди чыгарышат. Анын үстүнө мыйзамдуулукка акысыз жетишүү мүмкүн эмес. Биринчи инстанциянын сотторун жойсок деле бул көйгөй кала берет. Анткени Кыргызстанда соттор туура эмес өкүм чыгаргандыгы үчүн жоопко тартылбайт.

Түшүндүрө кетели, депутат Азамат Арапбаев парламенттин жыйынында биринчи инстанциянын сотторун жоёлу деген билдирүү жасады.

«Сот системасында мындай бир кырдаал жаралып калды, бир эле ишти биринчи инстанция бир чечим чыгарса, ошол эле ишке экинчи инстанция башкача чечим чыгарат, Жогорку сот болсо таптакыр башкача чечим чыгарып жатат, - деп эл өкүлү Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага өзүнүн демилгесин түшүндүрдү. - Көбүнчө биринчи инстанциянын сотторунун соттук актыларына арызданышат. Алар чыгарган өкүмдөр туура эмес болот. Мисалы, Оштогу акыркы чуулгандуу окуя боюнча, эки жашы жете элек баланын мушташына төрт милиционерди күнөөлүү деп табышты. Коомчулукта соттордун чечимине нааразычылык өсүп жатат, айрыкча биринчи инстанциянын сотторуна».

Калиева депутатка биринчи инстанция элдердин адилеттүүлүккө жетишин камсыз кылат деп жооп берди.

Өз кезегинде дагы бир юрист Эрик Ирискулбеков бул депутаттын демилгесинде логика жок дейт.

- Биринчи инстанциянын сотторун жоюу эч нерсе бербейт. Мыйзам бузуу экинчи инстанцияда, алтургай Жогорку сотто да боло берет, - дейт ал  Vesti.kg сайтына. - Бул көйгөйдүн маңызы соттордун калыстыгында гана. Биз канча убакыттан бери сот реформасы менен алектенип келебиз, бирок эч нерсеге жетише алган жокпуз. Соттор дагы эле көз карандысыз болгон жок - бул чоң балекет.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх