Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызстанда мечиттерди куруп, кыздарга хиджап кийгизгенди уланта беришеби?»

Эксперт  бийлик Сауд Арабиясы менен болгон мамилени токтото турууну сунуштайт. Аны ТИМдин жаңы башчысынын кыргызстандыктардын «мээсин уулаган» күрөштө каршы турууга канчалык даяр экендиги кызыктырат

Жаңы тышкы иштер министринин алдында башка өлкөлөрдүн кызматташтыкка чакырыгына жооп берүү же мурдагы нук менен кете берүү маселеси турат. Мындай ойду  Vesti.kg сайтына коомдук ишмер Зульфия Марат айтты.

Тактап айтканда, ал Сауд Арабиясы менен кызматташтык тууралуу айтты. Марат королдуктун биздин өлкөнү «руханий тарбиялоо» менен активдүү алектенип жаткандыгын эскертти, бирок буга анын укугу жок.

Коомдук ишмер Түркиядагы САК журналисти Джамаль Хашхаджинин өлтүрүлүшү тууралуу эл аралык жаңжал тууралуу айтты.

- Биз бул мамлекет менен карым катнаш кылууда ушул окуяларды эске алуубуз керекпи? - деп суроо салат ал. - Сауд бийлиги журналисттин өлгөн фактысын мойнуна алса керек ? Мисалга, кокусунан суракта өлүп калды деп коюшу мүмкүн.

Зульфия Марат бул окуяны мамлекеттик террордук акт деп атап, Сауд Арабиясынын Кыргызстанга жасаган экспансиясы тууралуу ойлонууга чакырды.

САК биздин республикабызга көп акча бөлүп жатат. Мечит, медресе курулушуна көптөгөн акчалар бөлүндү. Анткени мектеп, медресе жана мечиттер калкка таасирин тийгизе турган курал болуп берет. Ошондуктан коомдук ишмер биздин кимге ишенип жүргөнүбүз тууралуу ойлонууну сунуштайт.

- ТИМ бул тууралуу өз көз карашы барбы? - деп Марат Vesti.kg сайты менен болгон маегинде суроо салат. - Бизде дагы эле мечит салып, кыздарга хиджап кийгизүүнү уланта беришеби, бул кыргыз салтына туура келбейт го? - Сауд Арабиясы менен болгон карым катнашту токтото туруу керек. Болбосо биз ким көрүнгөн менен эле мамиле кыла беребизби?

Негизинен ал  өлкө бийлиги эл аралык деңгээлде бул маселени талкуулашы керек деп эсептейт. Биринчи кезекте, анын ою боюнча, бул тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун мезгилдин чакырыгына болгон жообуна жараша болот.

- Өзүбүздүн жеке пикирге ээ болууга убакыт жетти, - дейт Марат. - Ал эл аралык кырдаалага таасирин тийгизбейт десек да болот. Эгерде бизде жеке пикир болбосо, анда биз менен эч ким эсептешпейт.

Зульфия Марат Кыргызстандын Сауд фондуна 17 миллионго жакын карыз экендигин эске салды. Бирок грант түрүндө, мечит, медресе курууга андан да көп кирип кеткен дейт эксперт.

2 октябрда сауддук журналист Джемаль Хашкаджи Стамбулдагы САК элчилигине кирген бойдон жоголду деп жазат РМА Новости. Сырттагы камералар анын элчиликке киргендигин көрсөтөт, чыкканы жок. Күбөлөр да жок, элчиликтин көпчүлүк кызматкерлерине күтүүсүздөн дем алыш күн болуп калган.

Түрк бийлиги жоголгон журналистти иликтөөдө аны кыйнап, өлтүрүп, анан элчиликтин имаратында жиликтеп салышкан дейт.

Бул гипотезага ылайык, ошол күнү Эр-Рияддан атайын борт менен 15 соттук медициналык эксперт келген. Алар Түркияда болгону бир нече саат болушкан, көпчүлүк убактысын элчиликте өткөрүшкөн.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх