Депутат Матраимов ИИМде жана каржы Министрлигинде кимдерди келемиш дешээрин тактады
Эл өкүлү милициянын ардагерлерининен таарынбоону өтүндү, анын бардык укук коргоо органдарын кордоюн деген ою болгон эмес
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов мурдагы ИИМде жана каржы Министрлигинде «келемиштер» отурат деген сөзүнө укук коргоо органдарынын ардагерлерин таарынбоону суранды.
Ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде укук коргоо органдарындагы «келемиштердин» кимдер экендигин айтып берди.
- Мен ИИМдин жана каржы Министрлигинин кызматкерлеринин «Коопсуз шаар» тендерин уюштуруудагы комиссияга кирип алгандарын айттым, - деп тактады эл өкүлү. - Ардагерлер таарынбасын, мен бардык ИИМдин түзүмүн айтканым жок .
Эске сала кетсек, мурда ИИМ ардагерлери депутаттын укук коргоо органдары тууралуу кемсинткен сңзүнң түшүндүрмө берүүсүн талап кылышкан болчу. Алар депутатты сөзүңдү талдап сүйлөп жүргүн, Жогорку Кеңеш сага базар эмес деп кеңеш беришти.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www