Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Тиллаев Кыргызстанга №1 бортту ким белек кылаарын айтып берди

Анын оюнча, өкмөт бул ишти колго алыш керек

Түркия же Арап Эмираттары Кыргызстанга №1 бортту белек кыла алышат болчу. Орусия менен Казакстан да белек кылып коё берет деп эсептейт депутат Табылды Тиллаев (Кыргызстан).

- Арап Эмираттары же Түрк Республикасы бизге учак белекке бериши мүмкүн эле, - дейт ал  Vesti.kg сайтына. - Орусия же Казакстан деле бериши мүмкүн. Мисалы, азыркы Сооронбай Жээнбеков учуп жүргөн учакты убагында РФ белекке берген. Өзбекстанга №1 бортту бир компания белекке берген.

Депутаттын сөзү боюнча, өкмөт чет элдик кесиптештеринен ушундай белек сураса болот. Болбосо ыңгайлуураак баада сатып алууну сүйлөшсө деле болот.

- Президент учуп келгенде биздин туу көтөрүлөт, эскилиги жеткен «ТУдан» арданасың, - дейт ал. 

Таабалды Тиллаев бүгүн отурумда №1 борт үчүн уялып жаткандыгын белгилеп кетти. Анда Сооронбай Жээнбеков учуп келет.

«ТУ маркасындагы учак бизде эле калды», - дейт депутат. 

Жол жана транспорт министри Жамшитбек Калилов учак эски 1990-жылкы үлгүдө экендигине макул болду, бирок учактын абалы жакшы дейт ал.

«Биз президентибиз эски учакта учуп жүргөндүгүнө сүйүнбөшүбүз керек, - деп улантат Тиллаев. - №1 бортту жаңыртуу боюнча зарыл болгон иш чараларды өткөрүшүбүз керек. Маселени чечүүнүн жолун издөө керек».

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх