Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Икрамжан Илмияновдун колдоосуна таянган жергиликтүү чиновник майып кишинин жерин тартып алган

Баткен облусунун тургундары мамлекеттик архивдин башчысынын рейдерлик басып алуулары тууралуу билдиришет

Баткен облустук мамлекеттик архивдин башчысы Камалдин Ахмедов жасалма документ жасоо жолу менен Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын тургуну биринчи топтогу майып, баатыр-эне Токтайым Мырзаевнанын жерин тартып алган.

Бул факт боюнча жабырлануучу күйөөсү экөө президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жазышты.
Документти  Vesti.kg сайтынын редакциясына жарандык активист Роза Маманова алып келди.

Жабырлануучу кайрылуусунда облустук архивдин башчысын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов колдоп тургандыгын айтат.

Соттук териштирүүлөр 2003-жылы башталгандыгы айтылат. Ал кездеги Кара-Бак айыл өкмөтү Мурзаевдердин үй бүлөсү бардык салыктарды төлөйт деген токтом чыгарган. Бирок сот чечимди Ахмедовдун пайдасына чечип койгон. Анткени Икрамжан Илмиянов сотторго сотторго басып жасаган экен.

«Ахмедов сотко кайрылыпМурзаевдердин мамлекеттик актысын жараксыз деп тапкыла деген талап койгон. Тагыраак айтканда, мамлекеттик архивдин башчысынын колунда эч кандай документи болгон эмес, айыл өкмөттүн ордуна миграция жана эмгек боюнча адис Темиркулов Анаркул кол койгон. Кийинчерээк ал экөө ижара тууралуу келишим түзүшкөн», - деп айтылат катта.  

Бул иште башка да жабырлануучулардын бар экендиги белгиленет.

«Кыргыз Республикасынын жер кодексине ылайык жерди ижарага бир гана айыл өкмөтү бериши керек. Ахмедов Кызыл-Бел айылынын тургуну Жалалдын Амаловдун 20 сотых жерин Илмияновдун колдоосуна таянып тартып алган», - деп айтылат кайрылууда.  

Андан сырткары, Мурзаевдер мамархивдин башчысы муниципалдык жерди басып алгандыгын ырасташат.

«Кызыл-Бел айылында бир мектеп, бир бала бакча да жок. Ахмедов болсо өзүнүн абалынан пайдаланып ошолорго ылайыкташкан жерлерди басып алды. Бизге окшогон карапайым жарандардын көйгөйлөрүнө көңүл буруп, жардам берүүңүздү суранабыз. Камалдин Ахмедовго карата чара колдонушуңузду өтүнөбүз», - деп аякташат.  

Зулайка Эркимбаева
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх