Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мас айдоочулардын үстүнөн акча жасоо. Соттордун жана маичилердин коррупциялык схемасы ачылды.

Эреже бузган адам жок эле жалган сот жараяндары, айып аянтчасынан мыйзамсыз кайтарылган машиналар, айып пулга деген акчаны чөнтөккө солоо кыңыр иштерин КР УКМКсы иликтейт 

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшү мас болгон айдоочулар тууралуу материалдарды кароодо алган соттордун акчалары тууралуу коррупциялык схеманы ачыктады.

Бишкекте айып пулга төлөнгөн акчаны өзүнө алып алган сот органдарынын кызматкерлери аныкталды. КР административдик жоопкерчилик Кодексинин 238 беренесинде каралган. Ошону менен бирге сот жараяндарын эреже бузуучуну катыштырбай эле бүтүрүп коюшкан.
Андан сырткары, маичилер айып аянтчасынан мыйзамсыз түрдө машиналарда кайтарып беришкен.

Ошондой эле 5 суткага административдик камакка алуу атайылап аткарылган эмес. Тактап айтканда эч камоо үчүн эч кайда жөнөтүлгөн да эмес. Чогултулган материалдардын негизинде, Башпрокуратура тарабынан КР КК 305 бер. 1 б. 171 бер. 4 б. 2 п. менен кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмыш иши андан аркы иликтөө иши үчүн КР УКМК МТБ өткөрүлүп берилди.

Пресс-центр ГКНБ
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх