Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан кытай тараптын ЖЭБди модернизациялоодогу күнөөсү тууралуу айтканга даай албайбы?

Азырынча авария боюнча биздин чиновниктер гана айыпталып жатат, бирок ТВЕА тараптын да эреже бузуулары тууралуу маалыматтар пайда болду

Бишкек ЖЭБ модернизациясындагы бардык айыпты кыргызстандык гана чиновниктер тартып жатат, анткени  бийлик Кытай менен мамилени бузгусу келбейт. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына саясат таануучу Марс Сариев бөлүштү.

- Кыргызстандын карызы Кытайдын алдында көп болгондугу үчүн коңшу өлкө менен мамилени эч ким бузгусу келбейт, - деп эсептейт ал.  - Алтургай ТВЕА ЖЭБ реконструкциясындагы келишимди аткарбаса да, бул үчүн биздин чиновниктер жооп берет. Анткени алар келишимдин аткарылышына жооп бериши керек. Бул сыяктуу жаңжал Кытайдын беделин түшүрөт, жыйынтыгында биз алган кредиттердин абалы кыйындайт.

Ал эми өз кезегинде жарандык активист жана саясат таануучу Адиль Турдукулов башкача көз карашта.

- Бул бийлик ырааттуулукту көрсөтүп жатат, - деп белгиледи ал Vesti.kg сайтына. - Иликтөө кытай компанияларына да келип жетээри белгилүү. Кытай үчүн да, Кыргызстан үчүн да коррупциялык иштин ачылышы маанилүү. Ал эми Кытайда коррупциялык иштери үчүн бийик даражалуу чиновниктерди өлүм жазасына да тартышат. Эгерде биздин өлкө бардык маалымат менен бөлүшсө, балким иш жакшы жагына ооп кетээр.

Түшүндүрө кетели, соттук-эксперттик комиссия кытайлык ТВЕА компаниясынын эреже бузууларын аныктаган. Бул тууралуу 24.kg.өздүк булактары билдирет.

Белгилүү болгондой, аткарылган жумуштун ведомосту жана сметалык документтер эсепсиз жүргүзүлгөн. Жабдуулар жана материалдык ресуртардын баасынын эсеби иштелип чыккан эмес.
Комиссияларда колго тийген материалдардын толуктугунан күмөн жаралууда, күкүрт тазалоо системасы жа а курулуш аймагынан химиялык цехтин инженердик тармагын чыгаруу каралган эмес.

Долбоордук сүрөттөрдүн Кыргызстан үчүн ылайыкташтырылбагандыгы аныкталды. Ошондо ЖЭБ кытай стандарты боюнча   модернизацияланып калган.

Вероника Малышева
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх