Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акыры түбү КР Адвокатурасы кирүү төлөмүн жокко чыгарды

Жакынкы күндө монополияны көзөмөлдөө Агенттиги бул тууралуу расмий түрдө билдирет

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы өзүнүн мүчөлөрүнөн 20 миң сомдон кирүү акысын алууга укугу жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Коррупциясыз коом» коомдук Бирикмесинин төрагасы Манас Кадыров билдирди.

- Мурда биз агенттикке бул тууралуу арыз бергенбиз, - деди ал. - Мына, акыры кечээ бизди чакырып, кирүү төлөмү мыйзамсыз деп жарыялашты.

Анын сөзү боюнча, Адвокатура 3 күндүн ичинде расмий түрдө билдиришет. Кесиптик бирикме жооп кылып Агенттикти сотко берсе болот, дейт Кадыров. Бирок бере алышпаса керек, анткени аларда утууга мүмкүнчүлүк деле калган жок да.

- Ал эми эгерде баары бир бере турган болсо, анда биз төлөнгөн бардык каражаттарды кайтарууну талап кылабыз, - дейт ал.

Ошондой эле, ал жактоочулардын бирикмесинин өкүлдөрү алардын башчысы Билим Райымкуловдун алынып салынган же өтөлгөн соттуулугу барбы деген суроого жооп берүүдөн баш тартышты.


Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты жаш юристтер иштейин десе бирикмеге кирүү үчүн 20 миң сурашаарын, болбосо лицензиясын алып салаарын билдирген болчу.


Жактоочу Канат Жайлоев КР Адвокатурасы 2009-жылы ачылгандыгын айтып берди. Ал убакта кирүү төлөмү 2 миң сом болчу дейт. Бирок биринчи эле курултайда 20 миң кылабыз деп чыгышты бул бирикменин негиздөөчүлөрү.

- Ал жамаатта болжол менен 2,5 миң жактоочу бар, - дейт Vesti.kg сайтына Манас Кадыров. - Төлөмдү алар миң сом же бир жарым миң сом гана төлөйт, андан көп эмес. Алар жаш адистер төлөсүн деп чечишти.

Антимонополияны көзөмөлдөө Мамлекеттик агенттиги  КР Адвокатурасын ушул маселе тууралуу текшерди.

Ошондой эле КР Адвокатурасынын азыркы башчысы Билим райымкулов жардамчысы менен бирдикте 400 пальто уурдагандыгы үчүн шарттуу түрдө 2,6 жылга кесилген.

«Дөңбаев Нурбекти жана Билим Райымкуловду Кыргыз Республикасынын КК 144 беренесинин 2 б. боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жыл 6 ай эркинен ажыратылсын, мүлкү конфискация болбосун», - деп жазылып турат өкүмдө.  Өкүмдү Бишкек шаардык соту 1998-жылы 20-январда чыгарган экен. - КР КК 40 беренесинин күчү менен жаза өтөө үч жылдык  сыноо мөөнөтү менен болот.

Кийинчерээк Адвокатурага өкүм жокко чыгарылды деп билдиришти.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх