Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурдагы башпрокурордун орун басары: Кыргызстанда тергөө иштери жылдан жылга начарлап баратат

Депутат өлкөдө Тергөө комитетин түзүүнү дагы бир жолу суну кылды

Депутат Кенжебек Бокоев (Республика - Ата-Журт) бирдиктүү Тергөө комитетин түзүүнү дагы сунуштады.

«Тергөө кз карандысыз болсун десек, анда бирдиктүү Тергөө комитетин түзүү керек, -дедеи ал. -  Соттор элдерди актагандан коркушат, анткени бул жоопкерчилик да. Укук коргоочулар сүйлөшүп алышып белгилүү бир көрсөткүчтү кылышат. Анан иш сотко берилет, алар болсо карй кайтарат, ошоентип илээдилик пайда болот. Элдер болсо жылдап өкүмдү күтүп зарыгышат».

Депутат былтыр да ушул маселени көтөргөн болчу. Анда ал мындай деген, «эгерде опер менен тергөөчү башка кабинеттерде отурганда, бири уруп, экинчиси көрсөтмө алган учурлар азаят болчу».

Мурдагы башпрокурордун орун басары жана улуттук коопсуздук комитетинин башчысынын мурунку орун басары, юстициянын генерал-майору Кубатбек Кожоналиев аны менен толук макул болот. Ал Vesti.kg сайтына мындай бирдиктүү тергөө органын өзү да Алмазбек Атамбаевдин убагында сунуш кылгандыгын эскертти.

- Өлкө жетекчилигине бул идея жакпай калып, мурунку бойдон калтырып коюшкан, - дейт Кожоналиев.  - Бирок тергөө иши жыл сайын жаман болуп  бара жатат. Президенттин ою боюнча Индира Жолдубаева мыйзамсыз жоопко тартуу боюнча өтө эле аз иш козгогондугу үчүн аны кызматтан бошоткон. Бирок буга актанууга толгон токой негиз бар.

Ошондуктан эс алуудагы генерал-майор эгерде өлкөдө чындап эле иштин сапатын жакшыртабыз дешсе, анда Тергөө комитети керек деп эсептейт. Албетте ички иштер органдарында  кичинекей тергөө бөлүмдөрү кала берет баары бир.

- Тергөөчү деген эркин, жардамчысы бар, тийешелүү макамы бар адам болуш керек, - дейт Кубат Азатович.- РИИБдин тергөөчүсү тартиптик эреже боюнча начальникке баш ийет, ал эми процессуалдык абал боюнча андан жогору турат. Бул натыйжа берүүчү органдын ачыкталууну талап кылуусу менен коштолот. Ошондуктан алар майда кылмыштуулукка көп көңүл бурушат, ал эми чоңдорун токтотуп турушат, албетте коомчулук чыдап турса. 

Кыргызстанда тергөөчүлөрдү окутуу менен алектенбегендик Кожоналиевди нааразы кылат.

- Тергөөчүлүк - бул чыгармачылык иш, - дейт ал. - Мен муну билем, анткени өзүм да тергөөчү болгомун. Кесиптик өнүгүүгө болгон кызыгуунун жоктугу бир гана белизгейт сыяктуу нерсеге алып барат.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх