Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанга кызылчаны Германиядан, жүгөрүнү Сербиядан алып келишет

Айыл чарба министринин орун басары жакшы түшүм бере турган укмуш урук тууралуу айтты

Жүгөрүнүн уругун жана кызыл кызылчаны Кыргызстанда өндүрбөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште айыл чарба министринин орун басары Жаныбек керималиев билдирди.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып чиновник бул урукбашка өлкөлөрдөн алынып келинет, бизде өстүрүлбөйт деди.

- Мурда өзүбүз өстүрчү элек, азыр башка жактан келген гибриддер сапаты жагынан артыкчылык кылат, - деп белгиледи Керималиев. - Кызылча Германиядан алынып келинет, ал эми жүгөрү болсо Сербиядан. Алар жакшы түшүм берет.

Министрдин орун басарынын сөзү боюнча, алынып келинген жүгөрүнүн уругу 1 гектарынан 13-14 тоннага чейин түшүм берген.
Бул жакшы көрсөткүч. Биз дыйкандар арасында бул урукту таркатып жатабыз, - деди Керималиев.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх