Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азамат Жаманкулов: Жаңылык мага күтүүсүз болду, бирок мен макул болдум

Өкмөт маданият Министрлигинин башчылыгына сунуштаган талапкер мекемеде кыла турган иштин көп экендигин айтты

Маданият, маалымат жана туризм министри кызматына талапкер Азамат Жаманкулов мурда ушул эле мекемеде орун басар болуп иштечү. Ал Vesti.kg сайтына бул тармакты көйгөйдөн чыгаруунун жолун издөөгө даярмын деп билдирди.

Түшүндүрө кетели, өкмөт Жаманкуловдун талапкерлигин маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ордуна көрсөттү.

- Албетте бул жаңылык мен үчүн күтүүсүз болду, бирок мен макул болдум, - дейт ал. - Мен бул чөйрөдө үч жылдан бери иштейм. Кыла турган иш көп. Менин түзүлгөн кырдаалга карата белгилүү бир көз карашым бар. Ой максаттарым тууралуу болсо депутаттар менин талапкерлигимди талкуу кылышканда айтам.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты 8-октябрда узакка созулган ооруга байланыштуу маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун каза болгондугун жазган. Ал 59 жашта болчу.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх