Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызаэронавигациясынын» башчысынын каза болгон орун басарынын уулу атасынын "бордюрга" кулап өлгөнүнө ишенбейт

Шектүүлөрдү эки айга тергөө абагына камашты

«Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаевдин өлүмүнө шектүүлөрдү тергөө абагына эки айга камашты. Бөгөт чарасын Бишкектин Октябрь райондук соту көрдү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек ШИИБ билдирди.

- Кармалгандарды «Денеге атайылап оор жаракат келтирүү» бернеси менен айыпташты, - деп билдирди мекемедегилер.  
Ал ортодо каза болгон чиновниктин уулу Азирет Жакыпбаев бул каргашанын күбөлөрүнүн жооп берүүсүн өтүнөт.

«Өткөн жекшемби 21.10. 2018 эки акмак Түштүк Магистралда менин атамды өлтүрүштү, - деп жазат ал социалдык тармактагы өз баракчасына. - Саат болжол менен 20:00 болчу. Менин ата энем Тойота Камри машинасында болчу, алардын артынан Лексус маркасындагы машина келип сүзгөн.
Андан соң эки машина тең токтоп туруп калган. Алдын ала белгилүү болгон маалыматтарга караганда эки киши менин атамды машинадан сууруп чыгып сабай башташкан. Атам ошол жерден эле каза болгон. Экспертиза башындагы жаракаттарды аныктады. Ал кишилер болсо кылмыш кылган жерлеринен качып кетүүгө аракет кылган убакта кармалышты.  Далилденип турбайбы, эки урган адам тең мас болгон!!!

Азыркы учурда ал кишилер бошонууга аракет жасап жатышат. Алар менин атамды бордюрга жыгылды деп калп айтып жатышат. »

Сураныч баарыңыздар үн кошуңуздар, кимде ким маалыматы бар болсо же жанынан өтүп бараткан болсо айтып койгулачы.
Төмөнкү номурларга чалып койгулачы сураныч:
+996 555 029 002
 what’s app: ‭‭+36 20 349 3030‬‬
Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
Болбосо жөн эле фейсбукка жазсаңар да болот.
Тилекке каршы атамды эми артка кайтарып ала албайм. Бирок калыс чечим чыгып , күнөөлүүлөр жазасын алышсын. Кийинки жолу менин атамдын ордуна башка бир киши болуп калышы мүмкүн. Мындай кайгыны эч кимдин башына салбасын. Көңүл кош болбой, өз жакындарыңызга кам көрүңүз.
 
(орфография и пунктуация сакталды.)
 
Эске салсак, мурда Vesti .kg сайты Бишкекте 21-октябрда мушташтын натыйжасында «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаевдин каза болгондугун жазган эле.
Ошол учурда милиция эки машина жол талаша кеткен деп билдирген эле. Анын жыйынтыгында мушташ чыккан. Мушташып жатып Жакыпбаев жыгылып, башы бордюрга тийип каза болгон.
 
Вероника Малышева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх