Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткенде Икрамжан Илмияновду колдоп митинг болду

Нааразылык акциянын катышуучулары мамлекет башчыдан, премьерден жана УКМКнын башчысынан кармалган Илмияновду үйүнө коё берүүнү суранышат

Баткен облусунун Катан,Баул жана Өзгөрүш айылдарынын жашоочулары тынчтык митингине чыгышып, Кыргызстандын президентинен Икрамжан Илмияновдун бошотулушун талап кылышты.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, акцияга Илмияновду колдоп 50 киши келген. Митингчилерге жергиликтүү кеңештин депутаттары чыгышты.

- Тынчтык митинги кечээ болду, - деди милициядан. - Элдер болжол менен саат 10:00 чогулушту, бир жарым сааттай туруп кайра таркап кетишти.  Чогулгандарга жергиликтүү депутаттар түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Мыйзам бузуу болгон жок.

Ошондой эле камалган Икрамжан Илмияновдун тарапкерлери президент Сооронбай Жээнбековго, премьер Мухаммедкалый абылгазиевге, УКМК төрагасы Идрис Кадыркуловго кайрылуу жазышты.

Катта алар Икрамжан Илмияновдун бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранышат, үй камагына чыгарып, калыс тергөө болсун дешет.
Эске салсак, мурда Биринчи май райондук соту Илмияновго карата бөгөт коюу чарасын 28-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагында камакта болот деп чечим кабыл алган.

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси алдамчылык боюнча айыпталып жатат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх