Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын мурдагы полковниги жаңжалдуу социалдык өнүктүрүү Министрлигиндеги катындардын интригасын жок кылабы?

Мекеменин мурдагы жетекчилиги Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин колдойт. Анын бир жакшы жери, анын жөн гана эркектиги

Премьер Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин социалдык өнүктүрүү жана эмгек министрлигинин башчылыгына көрсөттү. Бул тууралуу мурда өкмөттүн маалымат кызматы билдирген.

Анын мурда социалдык чөйрөдө такыр иштебегендигине карабастан, мындай тандоо мекеменин муцрунку чиновниктерин таң калтырууда.

Мисалы, КР мурда эмгек жана соц.өнүктүрүү министри Айгүл Рыскулова Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Кочкоровду жакшы ойлоно алган, креативдүү депутат катары билээрин айтты.

- Депутат болгон адам демейде өлкөнүн социалдык экономикалык абалын жакшы билет, деди ал. - Ал президенттикке талапкерлигин койгондо көптөгөн жакшы нерселерди айткан болчу. Ал эми министрликке кудум ушундай адам керек. Анын мурдагы УКМКда иштеген нерселери таасирин тийгизбесе деле керек.

Мурдагы социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова мекеменин башчылыгы саясий кызмат, катардагы адистин иши эмес дейт.

- Алган билиминин бирөөсү боюнча ал укук коргоочу, - деп эскерет ал. - Социалдык чөйрөдөгү мекеменин саясатын жүргүзүүгө бул керектүү нерсе. Жакшы орун басарлар менен бирге Кочкоровдон юридикалык билим жана башкаруучулук жөндөм талап кылынат.

Мамытова парламентте иштөө тажрыйбага чоң салым болот деп эсептейт.

- Эң маанилүү жери, ал эркек, - деди министрдин орун басары. - Себеби мурда министрликти аял киши башкарган да. Орун баралары да аялдар болгон. Мындай учурда жамаатта интрига пайда болот.

Улукбек Кочкоров 1974-жылы Баткен облусунун Кара-Бак айылында туулган.

1995-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин «финансы жана кредит» факультетин бүтүргөн. Экономика жана каржы Министрлигинде жетектөөчү адис болуп иштеген.

1997-жылы улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин жогорку курсун бүтүргөн жана улуттук коопсуздук кызматында иштеген. Аскердик наамы бар - полковник.

2001-жылы Орусиядан ФКК Академиясынан квалификациясын жогорулатуу курсун бүтүргөн. 2003-жылы экинчи жогорку билимин алган Кыргыз улуттук университетинен «Укук таануу» адистигин.

2009-2010 жылдары КР салык жана төлөм боюнча Мамлекеттик комитеттин башкармалыгынын начальниги болгон.

2011-жылы Жогорку Кеңештин  V чакырылышына депутат болгон. 

2017-жылы президенттик шайлоодо мамлекет башчынын кызматына талапкер катары шайлоого катышкан.

Эске салсак, 2018-жылы 11-октябрда мурдагы эмгек эана соц. өнүктүрүү министри Таалакүл Исакунова өз арызы менен отставкага кеткен.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх