Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакыт Шаршембиев: Өз кадыр, баркым менен мамлекеттик органды жетектегенди баалайм

Мамлекеттик байланыш комитетинин башчысы өзүнүн депутатка каршы доо арызында ал бир гана максатты көздөөрүн айтты

Байланыш жана маалыматтык технология комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековду негизсиз бир нече жолу ушактагандыгы үчүн сотко берип жаткандыгын айтты.

Анын айтымында, ал өз доо арызын да бир гана кадыр баркын коргоону гана көздөйт.
 
- Ар бир Кыргызстандын жараны сыяктуу эле, укугум Конституция тарабынан корголушун, мамлекеттик органды өз кадыр баркым менен гана жетектөөнү каалайм, - деп баса белгиледи Шаршембиев.  - Менин төрт балам бар. Мен үчүн үй бүлөнүн атасы болуу, ата-энеге татыктуу уул болуу деген сөз жөнөкөй эле сөз эмес. Мен бир гана өзүмдү эмес, өзүмдүн жакындарымдын, туугандарымдын, мага кымбат адамдардын ден соолугун, кадыр баркын, сүйүүсүн коргошум керек.

Мамлекеттик байланыш комитетинин башчысы мурда бул эл өкүлү менен конфликт болбогондугун белгиледи.

- Мен депутаттык корпус менен пикир алмашууда жеке тажрыйбамда көп жакшы жана жоопкерчиликтүү кызматташтыктар бар. Жогорку Кеңештин ар кандай фракциялары менен пикир алышкам, - деп кошумчалады Шаршембиев. - Бул күнүмдүк турмуш жана карым катнаш бирине болгон урматтоодон улам, ишеничтен улам тереңдейт.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Бакыт Шаршембиевди 8 кылмыш ишинде катыштыгы бар деп билдирген.

Ал ортодо ЭККМК депутаттын бул сөзүн төгүндөдү. Анткени Мамлекеттик байланыш комитетинин башчысы бир нече иш боюнча күбө катары гана өтөт. Шаршембиевге карата иш козголгон эмес.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх