Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-башпрокурор: Эгерде курултайга Атамбаев келе турган болсо жаңжал чыгат

Бишкекте жалпы элдик курултай болот, анда Кыргызстандын азыркы президентине баа берүү ниеттелип жатат

Кыргызстанда курултай болот, анын жүрүшүндө коомдук саясий ишмерлер азыркы президен Сооронбай Жээнбековго жана мурдагы Алмазбек Атамбаевдерге кылган иштери үчүн баа беришет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мурунку башпрокурор Азимбек Бекназаров билдирди.

Анын айтымында курултай быйыл 24-ноябрда Бишкекте өтөт.

- Бүгүнкү күндө комиссия түзүлдү, курултайдын күн тартибин иштеп чыгып жатышат, - деди саясатчы. - Саясий партиялардын лидерлери талкуулана турган сунуштарын киргизишет. Кимдир бирөө саясий куугунтуктоо темасын, кимдир бирөө болсо конституциялык реформа тууралуу айтат.

Бекназаров жумушчу комиссияга коомдук ишмерлер Равшан Жээнбеков, Адиль Турдукулов, Айбек Бузурманкулов жана башкалардын киргендигин айтат.  

- Курултайда саясий партиялардын лидерлери жана ЖК депутаттары катышаары күтүлүүдө, - дейт Азимбек Анаркулович. - Кенжебек бокоев жана каныбек Иманалиевдер катышабыз деп макулдуктарын берди. Экс-президенттер Аскар акаевди, Курманбек Бакиевди, роза Отунбаеваны жана Алмазбек Атамбаевди чакыраарыбыз же чакырбашыбыз азырынча чечиле элек.

Атамбаев келсе жаңжал болуп кетеби деп да ойлонуп турабыз. Бирок азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбековду сөзсүз чакырабыз.

Сөзүнүн аягында экс-башпрокурор курултай мыйзамдуу түрдө болот деди.

- Курултай Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52 беренесине ылайык өткөрүлөт, анда жарандар коомдук, мамлекеттик маселелери бар курултай өткөрүүгө укуктуу деп көрсөтүлгөн, - деп түшүндүрдү ал.

Зулайка Эркимбаева
сүрөт www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх