Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Маданият Министрлигинде эч нерсе жасабаган «карт бөрүлөр» отурушат»

Эксперттер  министрлик кызматка Азамат Жаманкуловдун талапкерлигин жактырышат

Азамат Жаманкулов - жаш жана тың адам. Маданият министринин кызматына талапкер болуп жаткан адам тууралуу КР эл артисти Курмангазы Азыкбаев  Vesti.kg сайтына мүнөздөмө берди.

- Жаманкулов мыйзамды жана административдик жумушту билет, - деп белгиледи ал. - Бирок ага искусствонун адамдарынан жардамчылар керек. Бизде министрлер байпак сыяктуу алмашат, бирок искусство чөйрөсүндө эчтеке кылынбайт.

Анткени менен биз бул жактан баарын көрүп турабыз, эмнени кылып, эмнени коюшту билебиз. Мен мисалга, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүн кыдырып чыктым, тажрыйбам менен бөлүшөм. Бирок мени ишке чакырышпайт, анткени мен баш ийбейм аларга. Туура сөз тууганга жакпайт да.

Курмангазы Айылчиев «карт бөрүлөр» министрликте эч нерсе кылбай отуруп алышып креслосуна тырмыша берет дейт.

- Бир гана чиновниктерди гана эмес бардык түзүмдү алмаштыруу керек, окуу жайынан баштоо керек, - деди ал. - Маданият чөйрөсүнүн өнүгүүсү боюнча коңшу Казакстандан 25 жыл артта калдык. Эгерде министр болуп жаңы көз караштагы адам келсе жакшы болот эле.
Өз кезегинде туризм Департаментинин мурунку башчысы Максат Чакиев да талапкер тууралуу өз оюн айтты.

- Ал бул кызматка жападан жалгыз гана талапкер, мындан жакшысы да, жаманы да жок - талкуулай турган да нерсе жок, - дейт ал. - Ал жаш. Иштеп көрсө эмнеге болбосун?
Эске салсак, мурда Vesti.kg сайтына туризм, маалымат жана маданият министринин ордуна туризм Департаментинин азыркы директору Азамат Жаманкулов ат салып жатат деп билдиришкен болчу. Анын талапкерлигин премьер көрсөттү.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх