Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзгөчө Кырдаалга чейин камсыздандыруу акысын төлөп берүү - кеңкелестикпи же акылдуулукпу?

Камсыздандырылган үйдөн жарака кетти. Ал кулап түшкүчө күтүп отурбай, кунун ала берсе болобу?

Жогорку Кеңештин коргонуу, эл аралык иштер жана коопсуздук боюнча комитети биринчи окууда КР «Өрттөн жана табигый кырсыктан милдеттүү түрдө камсыздандыруу» тууралуу мыйзамына түзөтүү киргизүүнү четке какты. 

Демилгечилердин бири Азамат Арапбаевдин сөзү боюнча, камсыздандыруу каражатын кырсык боло электе берип коюу керек.

- Эгерде адам үй курса жана ага каттоого уруксат беришсе, демек ал камсыздандырылышы да керек, - деп түшүндүрдү ал Vesti.kg сайтына. - Эгерде кийин ал жерди сейсмологиялык жактан коркунучтуу деп табышса, сел коркунучу бар дешсе анда аны ал жерден көчүрүү керек. Бул үчүн камсыздоону төлөп берүү керек.

Депутаттын пикири боюнча, өзгөчө кырдаалды күтүүнүн кажети жок. Анткени мамлекет жарандарга коопсуз жайдан жер берсе деле алар ал жакка көчүп кете алышпайт. Анткени каражаттары жок.

- Эгерде аларга көчүүгө акча бербесек, эмне аларды ошол жерге көмөбүзбү? - дейт Арапбаев. - Ал эми каражатты алып туруп, көчпөй койгондорду ӨКМ мажбурлап көчүрүүсү керек.

«Ата Мекенден» Бахадыр Сулейманов бул мыйзам долбоор азыркы иштеп жаткан мыйзамга карама каршы келет деди.

- Дүйнө жүзүндө эч жерде жок алдын ала камсыздандырууну төлөгөн, - деп айтты ал Vesti.kg сайтына. - Жарака кетсе эле авариялык кырдаал болобу? Элдерди көчүрүү керек бул учурда, камсыздандырбай эле.

Анвар Артыков (КСДП) да бул мыйзам долбоорду кабыл алганга каршы добуш берди. Ал Vesti.kg сайтына бул идея мыйзамга карама каршы келет деди.

- Мисалы, адам өз өмүрүн камсыздандырат, ал үчүн өмүр бою акча албайт да, - дейт депутат. - Ал үчүн акчаны өлгөндөн кийин туугандары, балдары алат.

Депутат бул мыйзам долбоор негизги көйгөйдү чечпейт дейт. Жарандарды коопсуз жерлерге гана көчүрүү керек.

- Элдер мурда деле жер жана үй курганга ссуда алышкан. Аларды сатып жеп алышып, дагы эле сел коркунучу бар жерде отурушат, - дейт ал. - Камсыздандыруу да ошондой болот. Ошондуктан мен ойлойм аларды коопсуз жайларга күчтөп көчүрсө эч кандай мыйзам бузуу болбойт.

Эске салсак, камсыздандыруу төлөмдөрү айылдагы үйгө бир жылга 600 сом жана шаардыктарга 1200 сом жылына.

Мурда Vesti.kg сайтына бул мыйзам долбоорду Айтмамат Назаров, Салайдин Айдаров, Улукбек Ормонов, Айнура Осмонова, Гүлшат Асылбаева, Азамат Арапбаев жана Таалайбек Масабировдор демилгелешкен. Депутаттар Бахадыр Сулейманов, Закир Шарапов, Анвар Артыковдор бул өзгөртүүгө каршы чыгышты.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх