Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук банктын кызматкерлеринин турак жайга деп алган кредиттерин кечип жибериштиби?

Депутат текшерүү жүргүзүүнү жана КРУБ мындай практиканы токтотуусун суранат

Улуттук банктын жетекчилиги кызматкерлердин үй сатып алганга алган кредиттерин кечип жиберди. Бул тууралуу парламенттин пленардык жыйынында депутат Гүлшат Асылбаева билдирди.

- Мен Толкунбек Абдыгуловду аябай сыйлайм, бирок чындык андан кымбат, - деп белгиледи ал. - Улуттук банк тууралуу мыйзам боюнча социалдык коргоо кызматкерлерине кредит үй сатып алганга 15 жылдык мөөнөт менен берилет. Бирок каржы мекемесинин жетекчилиги ички жарлыкты чыгарып, кредитти кечип жиберген. Бул түздөн түз мыйзам бузуу, мыйзам баарынан жогору болушу керек.

Асылбаева Эсептөө палатасы менен сүйлөшкөндүгүн айтты, бирок алар текшере албайбыз, бул банктын кирешесине кирбейт деп жооп беришкен.

- Чындыгында бул жөн гана сызып салуу болгон, - дейт эл өкүлү. - Муну ссудалардын пайыздык кирешесинен ала албай калуу деп эептегенге болот. Улуттук банкты парламент жана президент көзөмөлдөп турат. Ошондуктан текшерүү жүргүзүп, мындай практиканы токтотуу керек.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх