Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП: Иса Өмүркулов азырынча «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын колдоорун же колдобошун тактай элек

Ал ортодо партиядагылар бул болуп жаткан процесстер «социал-демократтардын» арасында дайыма саткындардын болгондугун айгинелейт деп белгилешти

КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркулов  «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын колдоорун же колдобошун тактай элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КСДПнын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева билдирди.

- Менин билишимче, азырынча Иса Өмүркулов маалыматты өзү тактай элек, - деди КСДПнын расмий өкүлү. - Бирок бул болуп жаткан окуялардын баары партиянын ичинде дайыма саткындардын болгондугунан кабар берет.

Партиянын мурдагы мүчөсү Сагынбек Абдрахманов соц тармакта өзүнүн депутат Иса Өмүркулов менен болгон жоолугушуусу тууралуу жазган. Андан ары ММКда Иса Өмүркулов «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын колдойт деп жаза башташты.

Абдрахмановдун сөзү боюнча, ал ушул кыймылдын Ысык-Көл облустук координатору менен бирге Иса Өмүркулов менен жоолугушкан. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ал экс-президент Алмазбек Атамбаевди партиядан чыгаруу маселесин колдогон.

Кийинчерээк Сагынбек Абдрахманов өзүнүн жазгандарын өчүрүп салган.

Иса Өмүркуловдун өзү болсо азыр комментарий үчүн жеткиликсиз болуп жатат. Vesti.kg сайты КСДП фракциясынын депутаттары менен байланышка чыкты. Депутаттар комментарий берүүдөн баш тартышып, колубуз бош эмес деген шылтоону айтышты.

Тактап айтканда Айнуру Алтыбаева Vesti.kg сайтына Атамбаевди партиядан чыгаруу маселеси фракция жыйынында каралабы же жокпу билбейм дейт.

- Мен азыр түштүктө коммандировкада жүрөм. Абдрахмановдун интервьюсун окуганым жок, Иса Шейшенкулов менен да сүйлөшкөнүм жок, - деди ал. - Эмне деген сөз болуп жаткандыгын билбей туруп комментарий бере албайм. Билбейм, эртең фракция жыйынынды каралабы бул маселе же каралбайбы көрөбүз го.

Анын кесиптеши Азамат Арапбаев да бул тууралуу сөздү укпаптыр.

- Мен материалдарды окуп чыгып, анан комментарий берем, деди ал Vesti.kg сайтына.

Эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева да комментарий бериштен баш тартты.

Рыскелди Момбеков менен Кожобек Рыспаевдер бул тема тууралуу ооз ачпоону туура көрүштү.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх