Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Өзүбүздүн башыбызга тартсак, бутубузга жетпей жатса, биз болсо жыл сайын 600 миллион сом беребиз»

Депутат  мүчөлүк акысын төлөй албагандан кийин Кыргызстандын мынчалык көп эл аралык уюмдарга илешип алганына таң калат

Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна Индия жана Пакистан менен бирдей төлөм төлөйт, бирок биздин экономика алардыкынан алсыз. Бул тууралуу парламенттин пленардык жыйынында Улукбек Ормонов билдирди.

- Мүчөлүк акысын төлөй албагандан кийин ушунча көп уюмга мүчө болуунун кажети барбы? - деп сурады ал өкмөт мүчөлөрүнөн. - Башыбызга тартсак, бутубузга жетпей жатса, жыл сайын мүчөлүк акыларга 600 миллион сом төлөйбүз. Сүйлөөшүүлөр болгондо бирөө жарымыү айтасыңарбы биздин экономикабыз начар деп? Болбосо силер эмне айтканын аткара бересиңерби? Өлкөнүн  мүмкүнчүлүгүнө карагыла да.

Өз кезегинде экономика министри Олег Панкратов  эл өкүлүнө жооп берди. Индия менен Пакистандын августта гана мүчө болушкандыктарын, ал эми мүчөлүк акы жыл башында бычылгандыгын айтты.

Келээрки жылы уюмдун бюджети кайра каралат, - деди ал.

Түшүндүрө кетели, депутаттар «2017-жылы 1- декабрда Сочиде кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин аткаруу жана түзүүү тууралуу келишимди ритафикациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи окууда карап жатышат.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх