Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ коррупция менен күрөшүүдөгү Бирдиктүү депозиттик эсепке баарынан аз которду

Азырынча финполиция алдыда келе жатат, ал УКМК менен Башпрокуратураны артына калтырды

Коррупция менен күрөшүүдөгү Бирдиктүү депозиттик эсепке 478,6 миллион сом которулду. КР каржы Министирлигинин маалымат кызматы  2018-жылдын 23-октябрына карата Кыргыз Республикасынын Борбордук казнасынын  маалыматы ушундай дейт.

- 478 млн. 626 миң 900 сом Бирдиктүү депозиттик эсепке келип түштү. Бул каражаттар мамлекетке экономикалык кылмыштын жана кызматтык кылмыштардын ордун толтуруучу ккражаттар, - деп белгилешти андагылар.

Эң ири сумманы экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматы которду - 190 млн. 700 миң сом.

Андан кийин улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитети 159 млн. 64,7 миң сом.

Башпрокуратура болсо БДЭ 127 миллион 536,3 миң сом которду.

Кыргыз Республикасынын ички иштер Министрлиги 1 млн. 230,1 миң сом которду.

Бүгүн Башпрокуратурадан атайын эсепке 5 млн. 76 миң 777 сом которушту. Ошентип Башпрокуратура тарабынан которулган каражаттардын жалпы суммасы 132 миллион 613 миң 84 сомду түздү.

«Бул багыт боюнча иш улантылууда», - дешет андагылар. 

Бирдиктүү депозиттик эсеп «Жалпы мамлекеттик иш чара - укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозиттик эсеби» 2018-жылы 3-июлда ачылган. КР өкмөтүнүн 2018-жылы 22-июнда №298 токтомун аткаруу үчүн ачылган бул эсеп. Бул эсепке келтирилген чыгымдардын ордун толтурган каражаттар келип түшөт. Анын ордун толуктоо укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында болот.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх