Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин иш башкармасынын отставкага кетүүсү эмнеге байланыштуу?

Өкмөттүн мурунку жетекчилери Туруспек Коеналиевдин кызматтан кетишинен саясий маалымат издөөнүн кереги жок дешет

Президенттин жана өкмөттүн мурдагы иш башкармасы жакшы кызматкер болчу. Мурдагы чиновник тууралуу ой бөлүшүүгө экс-премьер-министр Феликс Кулов Vesti.kg сайтына макул болду.

Анын айтымында, Коеналиевдин иштен кетиши, кадимки эле кадрлардын алмашуусу.

- Мен аны билчүм. Ал жакшы кызматкер, - дейт Кулов. - Эч кандай коркунуч жок, жөн гана кадрлардын алмашуусу.

Экс-вице-премьер Абдырахман Маматалиев өз кезегинде президенттин ишбашкармасын мактады. Ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде ал Коеналиевдин жаш курагы пенсияга жетип калгандыгын кошумчалады.

- Өз ишин жакшы билген адам, көптөн бери иштейт, - деп белгиледи ал. - Бул кызматтан бошотуунун аркасында эч кандай трагедия жок. Бул саясий кызмат эмес. Бул кызмат көбүнчө чарба менен байланышкан. Чамасы анын ордуна талапкер табылса керек. Анын үстүнө коеналиевдин да жашы пенсияга жетип калды.

Туруспек Коеналиев президенттин жана өкмөттүн иш башкармалык кызматын 2010-жылдан бери аркалап келе жатат.

Ал кечээ кызматынан Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык бошотулду.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх