Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурдагы ТИМ башчысы мекеменин азыркы жетекчилигинин айыптоосуна жооп берди

Руслан Казакбаев элчилик рангды адамдарга мыйзамдын чегинде гана ыйгаргандыгын ырастайт

Рулан Казакбаев тышкы иштер министри болуп турганда элчилик рангды Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиевге берип мыйзам бузушу мүмкүн эмес. Бул тууарлуу ТИМ мурдагы башчысы Vesti.kg сайтына билдирди.

- Менин эсимде Осмоналиев калган эмес, анткени мен көп адамдарга элчилик ранг бергем, - дейт Казакбаев. Бирок мыйзам бузушум мүмкүн эмес эле. Азыркы ТИМ жетекчилиги менин буйругумду жокко чыгарып койсо болот, мага кандайдыр бир кине коюлса жооп берүүгө даярмын.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты КР ТИМ Элчилик академиясынын мурунку проректору  Кайрат Осмоналиевдин «Экинчи класстагы кеңешчи» элчилик рангасын алып салышкан, анткени мыйзамсыз болгон. деп билдиришкен эле. 

Тышкы саясат мекемесинде БШКнын мүчөсүнө рангды мыйзамсыз ыйгарган деп түшүндүрүштү.

«ТИМ 2011-жылы 24-октябрда чыккан  № 324 буйругу КР «Элчилик кызмат тууралуу» Мыйзамынын 17-беренесин бузуу менен чыгарылган. Мыйзамда КР ТИМ жана чет мамлекеттик мекемелеринин сиңирген эмгегин эске алып элчилик ранга берилет деп жазылган, реестрде проректордун кызматы жок болгон», - деп айтышты андагылар. 

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх