Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңеш журналисттерди жалган маалымат таратты деп күнөөлөдү

Бул боюнча Жогорку Кеңеште шашылыш түрдө атайын басма сөз жыйыны  уюштурулду

Үстүбүздөгү жылдын 24-октябрь күнү 24.kg маалымат агенттиги тараткан маалыматта УКМК Жогорку Кеңештеги коррупциялык схеманын бетин ачкандыгы, депутаттардын мамлекеттик бюджеттин эсебинен чет элге саякатка чыккандыгы жазылган.

Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Самат Ибраевдин айтымында  ал маалымат жарыяланаары менен  кыска убакыттын ичинде кайра сайттан алынып салынган. Самат Ибраев билдиргендей ал макала сайттан жоголгону менен башка массалык маалымат каражаттары 24.kg сайтына шилтеме жасап аны  таратышууда.

«24.kg сайты тараткан бу маалымат тастыкталбаган ушак жана Жогорку Кеңешке коюлган жалган жалаа» -деди Самат Ибраев.

Депутат Аида Касымалиева өз сапарларында  Жогорку Кеңештеги кесиптештер менен чет жакка чыккан учурлары болгонун, бирок, эч качан мамлекеттин эсебинен барбаганын айтты.

Жогорку Кеңештин иш башкармасынын башчысы  Марат Матазимов ар бир фракциянын иш сапарларына канча чыгым кеткени туурасында жалаң сандарды атап маалымат берди.

Акылай Рахматулла
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх