Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук энергохолдингдин башчысынын айлыгынын өлчөмү - коммерциялык жашыруун сыр

ААК Азамат Абдыкадыровдун канча айлыгы алаары тууралуу маалыматты берүүдөн баш тартты

Улуттук энергохолдингдегилер Азамат Абдыкадыровдун айлыгынын өлчөмүн айтуудан баш тартышты. УЭХК маалымат кызматы Vesti.kg сайтына бул коммерциялык жашыруун сыр деп түшүндүрүштү.

- Анын айлыгы тууралуу сөздүн айынан биз анын өлчөмү тууралуу маалыматты таркатпоону туура көрдүк, - дешти андагылар.

Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык жашыруун сыр» тууралуу мыйзамында айлык акы, жумушчулардын саны, ишкананын жетекчисинин айлык акысы, айлык төлөө системасы, эмгек шарттары, эмгекти коргоо жана анын көрсөткүчтөрү тууралуу маалыматтар коммерциялык жашыруун сыр деп эсептелбейт.

Бир нече күн мурда ААК «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын» жетекчиси Азамат Арабаев канча айлык алаарын билбейт деп Vesti.kg сайтына билдиришкен болчу. Бул тууралуу парламенттин 2018-2019 жылкы кышкыга даярдык маселесин карап жаткан жыйында белгилүү болду.

Кээ бир депутаттар Азамат Абдыкадыровдун канча айлык алаарына кызыгышты, - деп айтып берди коомдук ишмер Расул Үмбөталиев. - Ал биринчи депутатка 40 миң, экинчисине 80-90 миң , ал эми үчүнчү депутатка болсо 100 миң сом айлык алам деди. Акырында айлык берилген ведомостту карап көрүш керек экен деди.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов да билген эмес анын канча айлык алаарын, ал териштирип билүүгө убада берген болчу. Ал эми биринчи вице-премьер-министрдин айлыгы 45 миңди түзөт деп Кубатбек Боронов өзү айтты.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх