Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жактоочу: Мага Икрамжан Илмияновдун ким жөнүндө маалыматтарды айтып берип жаткандыгы белгисиз

УКМКнын тергөө абагында жаткан экс-президенттин мурдагы кеңешчисине эч ким кире элек

Экс-президенттин мурдагы кеңешчисинин жактоочусу Икрамжан Илмияновдун кармалуусу тууралуу документтерди ала элек. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

- Биз бөгөт коюу чарасына карата арыз бердик, бирок кармалуусу тууралуу документтерди ала элекпиз, - деди ал. - Менин жактаган кишим өзүн жакшы сезип турат. Аны кармагандан бери, жакындары менен жоолугуштуруу тууралуу сөз боло элек, анткени жакында эле колго түштү да.

Слесарев бийик даражалуу адамдар тууралуу Илмияновдун эмне маалымат айтып жаткандыгын билбегендигин кошумчалады.
- Андай маалымат кайдан пайда болгондугун мен билбейм. Чамасы ошондой сөз таркаткандардан сурап көрүш керек окшойт, - деп сөзүн аяктады ал.

Түшүндүрө кетели, кээ бир ММКларда, ошондой эле социалдык тармактарда Илмияновдун тергөө менен иштеше баштагандыгы, мурунку жана азыркы чоң кызматтагыларды сата баштагандыгы тууралуу маалыматтар таркай баштаган.

Эске салсак, мурда  Vesti.kg сайты Илмияновдун жактоочусу Сергей Слесарев анын кармалуусун мыйзамсыз дегендигин билдирген болчу.
«Аны чет өлкөдө мыйзамсыз кармашты, анткени Илмияновго эл аралык издөө салынган эмес», - деген Слесарев  Vesti.kg сайтына.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх