Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаты - каржы министрине: Сиз манипуляторго окшоп отчет берип жатасыз

Мурадыл Мадеминов өкмөт мүчөсүнө сындарды жаадырды

Депутаттар Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин КР 2018-жылдын январь-сентябрь айларындагы бюджетинин аткарылышынын алдын ала жыйынтыгы тууралуу маалыматты угушту.

Талкуунун жүрүшүндө КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Мурадыл Мадеминов каржы министринен эмне үчүн алдын ала көрсөткүчтөр экономиканын өсүшүнө жараша жетишкен эмес деп кызыгып суроо берди.

«Алдын ала белгилүү болгондой, 2018-жылдын январь-сентябрь айларынын ИДП көрсөткүчүнүн өсүшү 1,2% . Былтыр кандай алдын ала белгилөө болду эле  жана эмнеге ага көрсөткүч жетишкен жок?» - деп кызыкты депутат. 

Каржы министри Адылбек Касымалиев адегенде алдын ала көздөгөнүбүз 3,6% болчу, бирок кийинчерээк 2,8% түшүп кетти. Бирок экономиканын көрсөткүчү Кумтөрдү эсепке албаганда жетишээрлик жогору болоорун кошумчалады.

«1,2% экономиканын ңсүшү деп эсептөөгө болбойт. Ири экономикасы бар өлкө үчүн өсүү болмок, бирок кичинекей экономикасы бар Кыргызстан үчүн бул өсүү эмес. Каржы министрлиги жөнгө салуучуга окшоп сүйлөйт, бирок отчету манипуляторго окшош. Былтыр бюжеттин азайышы 1,5 млрд. сомду түзсө, быйыл эки эсе 3 млрд сомго аз. Ушундай болуп турса да сиз экономика өсүп жатат дейсиз», - деп Мадеминов нааразы болду.

Депутат өкмөттүн мүчөлөрүн чыныгы көрсөткүч менен болжолдонгон көрсөткүчтүн ортосундагы айырмага көңүл бурууга чакырды.

«Мисалы, 2018-жылкы салыктан түшкөн кирешенин аздыгы 305 миллионду түзөт. Салык чогултулбай калган ишканадардын ичинде «ЦУМ», Манас Эл аралык аэропорту, «Реемтсма Кыргызстан», Кыргызалтын », Бишкекжылуулуктармагы ж.б. Экономика Министрлиги эмне үчүн бул ишканалар тууралуу туура эмес талдоо бергенсиңер? Эмне үчүн «Манастан» алынбайт, эмне «ЦУМ» начар иштеп калыптырбы? «Бишкекжылуулуктармагы» жаман иштеп жатыптырбы? ЖЭБди жаңы эле курушту го, жылуулук камсыздоо системасы жакшырып калды го, экономиканын мыйзамы боюнча салык көбөйүш керек эле, - деп сөзүн аяктады Мурадыл Мадеминов.

КСДП парламенттик фракциясынын катчылыгы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх