Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азамат Абдыкадыров элдин каарынан коркуп айлыгынын канча экендигин жашырабы?

Депутаттар Улуттук энергохолдинг компаниясынын көзөмөлдөөчү акциясынын пакетин мамлекет алгандыгын жана салык төлөөчүлөр акчанын кайда кеткендигин билүүгө акылары бар экендигин айтышты

Улуттук энергохолдингдин башчысынын айлыгынын өлчөмү коммерциялык жашыруун сыр болушу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин депутаты билдирди.

- УЭХК акцияларынын көзөмөлдөөчү пакети мамлекеттики, - дейт Абдимуктар Маматов (Ата Мекен) Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Анан кантип анын айлыгы коммерциялык сыр болуп калат?

Кожобек Рыспаев (КСДП) да макул болду буга Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. Анын кесиптеши Азамат Арапбаев (КСДП) да Улуттук энерголдингдин башчысынын айлыгы коммерциялык сыр болушу мүмкүн эмес дейт.

- Абдыкадыровдун өзүнүн айлыгынын өлчөмүн айтпагандыгы - бул анын жаман жагы, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Анын жашыра турган эмнеси бар экен. Мындай рангадагы чиновниктердин айлыгы ушундай болушу мүмкүн, анын эмнеси бар экен таң калгыдай.

Эльвира Сурабалдиева (КСДП) Абдыкадыров чындап эле өзүнүн айлыгын канча экендигин билбейт экен дейт. Анын болжолунда УЭХК башчысы чоң суммадагы акчаны айткысы келбеди көрүнөт, ошондуктан өзүн жоготуп койду.

- Мунун баары бюджеттин акчасы болуп жаткандан кийин, баары ачык болушу керек, -деди депутат Vesti.kg сайтына. - Мунун баары салык төлөөчүлөрдүн акчалары, алардын акысы бар муну билгенге.

Сурабалдиева ушул жумада 2019-жылдын бюджети талкууга салынаарын кошумчалады. Анын ою боюнча, менеджерлердин пайдалуу иштери жана алардын каржылык чыгымдары ушул талкуунун алкагында көтөрүлөт.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты Улуттук энергохолдингдегилер Азамат Абдыкадыровдун айлыгынын өлчөмүн айтуудан баш тартышкандыктарын жазган эле.

- Ушул айлык акынын айланасындагы сөздөрдөн улам биз коммерциялык сыр катары маалымат бербөөнү туура деп чечтик, - деп жооп беришкен УЭХК маалымат кызматындагылар Vesti.kg сайтына.

Белгилей кетели, КР «коммерциялык сыр» тууралуу мыйзамынын 5-беренесинин 3 п. жумушчулардын курамы, ишкнанын башчысынын айлык акысы, эмгек акы төлөө системасы, эмгек шарттары ж.б. тууралуу маалыматтар коммерциялык сыр деп эсептелбейт.

Бир нече күн мурун Vesti.kg сайтына УЭХК башчысы Азамат абдыкадыров өзүнүн канча айлык алаарын билбейт деген маалмыат келип түшкөн. Бул туурасында парламенттин 2018-2019 жылкы кышка даярдык маселесин талкуулаган жыйынында белгилүү болгон. 

«Кээ бир депутаттар Азамат абдыкадыровдун канча айлык алаарына кызыгышты, - деди коомдук ишмер Расул Үмбеталиев. - Бирине 40 миң десе, экинчисине 80 миң деген, ал эми үчүнчү депутатка болсо 100 миң сом алам деген. Акырында айлык берген ведомостту карап көрөйүнчү деген».

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов да Азамат абдыкадыровдун канча айлык алаарын билген эмес, бирок териштирейин деп убада берген. Ал эми биринчи вице-премьердин айлыгы 45 миң сомду түзөт экен.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх