Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин Октябрь райондук сотунун мурдагы төрагасы Кыргызстандан чыгып кеттиби?

Ал ортодо тартип комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынан Эрнис Чоткараевге карата мүнөздөмө алды

Бишкектин Октябрь райондук сотунун төрагасы документтерди жок кылууга айыпталып жатат. Бул тууралуу сот органындагы өздүк булактарыбыз Vesti.kg сайтына билдирди.

Андан сырткары, Чоткараев башка соттор менен бирдикте жол эрежесин бузуучуларга салынган айып пулдарды чөнтөгүнө салып алган.

Такталбаган маалыматтар боюнча, Чоткараев азыркы учурда Кыргызстандын чегинен сыртка чыгып кеткен.
Ушул себептен Vesti.kg сайты маалыматты тактоо үчүн Башкы прокуратурага кайрылды.  

- Иштин материалы бизде жок, кылмыш иши козголо элек, - деп маалымат беришти көзөмөлдөө органынын маалымат кызматы.

Ал ортодо соттук кеңештин тартип комиссиясына Жогорку соттун төрагасынан Эрнис Чоткараевге арыз түштү.

Vesti.kg сайты Башкы прокуратурага комментарий үчүн кайрылганда арыздын мазмунун айтып бербей коюшту.

- Бардык маалыматты тартип комиссиясынан аласыңар, - деп жооп берди КР ЖС.

Чоткараевдин үстүнөн жазылган арыздын мааниси кандай     экендигин Кыргызстандын соттук Кеңешиндегилер да билишпейт экен. Ал жердегилер КР ЖС алдыда боло турган отурумда угузат деп түшүндүрүштү.
- Берилген нерсени алдык, бирок материалды окуп чыга элекпиз. Отурум жуманын аягында болот, - деди соттук кеңештин тартип комиссиясындагылар.

Андан сырткары. мекемедегилер Чоткараевдин төрагалыктан 2018жылдын июль айында эле бошогондугун кошумчалашты. Анткени анын 3 жылдык мөөнөтү бүтүп калган. Бирок ал Бишкектин Октябрь райондук сотунун соту болуп кала берет. Анын ордуна Дамирбек Назаров дайындалган.

Мурда УКМК Бишкектин райондук сотундагы коррупциялык схеманы коррупцияга каршы кызматтын кызматкерлери аныктагандыгын маалымдашкан.
Бирок, улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, Эрнис Чоткараев кылмыш ишине катышы бар.

- Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон жок, - деп билдирди УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх