Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Икрамжан Илмияновду УКМКнын тергөө абагындагы жалгыз адамдык камерага которушту

Чекисттер эмне үчүн тергелип жаткан адамдын өтүнүчүн аткаргандыктарын түшүндүрүп беришкен жок

Экс-президенттин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновду УКМКнын тергөө абагынын жалгыз адамдык камерасына камашты. Бул тууралуу улуттук коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов Vesti.kg сайтына билдирди.

- Аны кыйноолордун алдын алуу борборунун өкүлдөрү менен жоолугушкандан кийин тергөө абагынын жалгыз адамдык камерасына которушту.

Эске салсак, Vesti.kg сайтына Икрамжан Илмиянов жалгыз адамдык камерага өзү которууну суранып жаткандыгын билдиришкен эле. Бул тууралуу кыйноолдордун алдын алуу Улуттук борбордун директору Нурдин сулайманов билдирген.

Мурда УКМК  экс-президенттин мурунку кеңешчиси тергөө менен активдүү кызматташып жатат деп билдирген эле.
Икрамжан Илмиянов алдамчылык боюнча айыпталууда.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх