Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каныбек Бокоев: 2019-жылдын 1-январынан баштап мыйзамдуу күчүнө кирчү кодекстерде бир топ жеңилдиктер бар

2019- жылдан баштап жаңыланган кодекстер боюнча тергөө судьялары жана пробация жаңы институттары иштеп баштайт

Жазык кодексинин жаңы редакциясына ылайык 97-киши өлтүрүү беренеси менен соттолгон жаран 15 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул берене менен азыркы кодекс боюнча 20 жылга чейин соттолуп жатат дейт Жогорку соттун төрагасынын орун басары Каныбек Бокоев. Коорупция га күнөөлөнүп 303-берене менен соттолгондор азыр 15жылдан 20 жылга чейин соттолгон болсо, жаңы кодекске ылайык корупционер аталгандар 12 жыл 6 айдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Гуманизация боюнча бардык беренелер жеңилдетилген түргө өзгөртүлгөн. Азыркы Жазык- процесстик кодекс боюнча 441берене болсо,анын жаңы редакциясында 535 берене бар. Тергөөгө соттук көзөмөл жүргүзүү үчүн жаңы социалдык фигура киргизилди дейт Каныбек Бокоев. Тергөө судьясы - бул алгачкы текшерүү органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун чечимдеринин мыйзамдуулугу үчүн соттук контролду жүзөгө ашыруучу судья болуп саналат. Буга чейин мындай тергөө судьясы болгон эместиги айтылды.Тергөө судьялары атайын окуудан өткөрүлүп анан иштеп баштайт дешти жолугушууда.

Райондук соттун чечимине макул болбогондор буга чейин 10 күндүн ичинде аппеляциялык арыз менен областтык сотко кайрылып келишкен. Эми ал убакыт бир айга чейин созулат. Бул областтык сотко бир айдын ичинде даттанса болот дегенди түшүндүрөт.

Жаңы кодекстердин иштеп башташы менен соттордун жумушу көбөйөт дейт Жогорку соттун мыйзамдар менен иштөө секторунун башчысы Расия Эралиева. Буга байланыштуу соттордун штаттык бирдиктери 56 кызматкерге көбөйгөн. Буга чейин Кыргыз Республикасында 401 судья бар болгон болсо, 56 штаттык бирдик менен кошулуп 457 судья иштейт. Жогорку соттун судьялары менен жалпы 492 судья сот системасында иштеп жатат.

Акылай Рахматулла

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх