Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Коргонуу өнөр жайы Кыргызстанга жакшы пайда алып келиши мүмкүн»

Аскерий эксперт бүгүн бул тармактын абалы оор экендигин айтат

Коргонуу-өнөр жай комплекси Кыргызстанга жакшы пайда алып келмек. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына аскер эксперти, эс алуудагы генерал Артур Медетбеков айтат.

- Союз учурунда Кыргызстан аскер-өнөр дайы боюнча король болчу, - деп эскерет ал.


Бизде автоматтык атылуучу куралдар үчүн бардык калибрдеги дүрмөттөрдү чыгаруучу заводдор бар эле. Алар азыр деле чыгарышат, бирок өтө аз өлчөмдө. «Дастан» заводунда «Шквал» аттуу торпедо чыкчу, ал эл аралык рынокко чыкчу. Бир канча институттар бар эле, ишканалар бар эле ушуга окшогон продукция чыгара турган. СССР урагандан кийин алардын көбү жоюлуп кетти.

Артур Капарович кээ бир ишканалар дагы деле аз да болсо продукцияларын өндүрүп жаткандыгын белгилеп кетти.

- Бул жаатта Кыргызстандын дарамети өтө чоң, - дейт ал. - Бул маселе тыкыр ликтеп, анализ кыла турган маселе. Албетте каржылоону да талап кылат. Эгерде үч пунктту аткарсак, анда Кыргызстандын коргонуу өнөр жайы жакшы пайда алып келмек. Бирок бул тармак бүгүнкү күндө оор акыбалда турат.

Түшүндүрө кетели, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өлкөнүн аскер өнөр жайын өнүктүрүү боюнча талкууга жыйын өткөрдү.
Ал өлкөнүн бул тармагын өнүктүрүү иши жетишээрлик деңгээлде эмес деди. Ал эми коргонууга тийешелүү ишканалар мындан аркы ишкананын келечеги тууралуу жакынкы убактарда эч нерсе айта алышпайт.


Разаков коргонуу өнөр жайынын иштеп жаткан ишканаларына стратегиялык өнүгүүнүн планын иштеп чыгууну тапшырды, ошондой эле жалпы өлкөнүн аскер өнөр жайынын өнүгүү стратегиясыништеп чыгуу керек деди.


Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх