Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмне үчүн күч органдары Бирдиктүү депозиттик эсепке кайсы коррупционердин миллиондору которулуп жаткандыгын айтышпайт?

Эксперттер укук коргоочулар түшкөн акчанын булактарын айтууга милдеттүү деп эсептешет

Мамлекеттик органдар эгерде коррупция менен күрөш ачык жүрүп жаткан болсо кайсы булактардын Бирдиктүү депозиттик эсепке акча түшүп жаткандыгын айтууга милдеттүү. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.

- Күч органдары мыйзам бузуучуларды «саап» туруп кайсы бир бөлүгүн чөнтөгүнө салып коюшу да мүмкүн, - деп белгиледи ал. - Коррупция менен минтип күрөшүү жаңы коррупциялык схеманы түзүшү мүмкүн. Азыркы коррупцияга каршы колдонулуп жаткан аспап өтө эле ачык эмес. Деги эле бул жаатта ишти туура эмес колго беришти.

Рита Рахмановна акча түшкөндүгү тууралуу маалыматтан сырткары, токтоп калдыбы ошол эреже бузуу деп кошумчалады.

- Акча түшүп жатат, бирок ошол коррупциялык иш токтоп калды деген кепидик жок. Анализ кылганга дарамет жок. Биз коррупция менен күрөшүүдө туура эмес жолго түшүп алдык.

Өз кезегинде көз каранды эмес эксперт Азамат Аракеев жарандар жок дегенде депозиттик эсепке кайсы жааттан түшүп жаткандыгын билүүсү зарыл деп эсептейт.

- Чамасы акчанын кээ бир бөлүктөрү соттук чечимдерден келип түшүп жатат окшойт, ал эми маалымат болсо коммерциялык сыр деп жашырылат, - дейт ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. Ишкерлер мындай маалыматтардын ачык болуусуна кызыкдар болуусу керек. Жок дегенде ал каражатты жалпы жонунан кай жактан өндүрүшкөндөрүн айтып коюшса болот да. Бул коррупция менен күрөштүн канчалык деңгээлде тазалыгын айгинелемек.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев да тийешелүү органдардын үстүртөн гана маалымат берип койгондугуна таң калат.

- Мамлекеттик органдар кимден акча өндүрүп жаткандарын айтпагандыгы албетте өкүнүчтүү, дейт ал Vesti.kg сайтына. - Бирок бул жашыруун маалымат болушу да мүмкүн. Андай болушу толук мүмкүн, анткени каражаттын бир бөлүгү мамлекетке өз ыктыяры менен берилип жатпайбы. Чиновниктер менен ишкерлерге баш тарта албай турган сунуш кылышканда болмок. Ким мамлекетке жардам кылам дегендердин маалыматы жашыруун болот менимче. Бирок мындай чаралар коррупцияны азайта албайт. Кооррупция менен сойкулук Байыркы Римдин убагынан бери калбай келет. Аны жок кылууга мүмкүн эмес. Санын азайтууга болот. Ал үчүн жакшы реформа керек.

Түшүндүрө кетели, ушул жылдын июль айында каржы Министрлиги тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган, ага коррупция менен күрөштө кайтарылган каражаттар которулат.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайтына каржы Министрлигиндегилер Бирдиктүү депозиттик эсепке ачылгандан бери 476 миллион 600 миң сом түштү деп билдиришкен.

Эң ири сумманы экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматы которду - 190 млн. 700 миң сом.

Анын артынан КР улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитети 159 млн. 64 700 сом которду.

Башпрокуратура БДЭ ке 127 млн. 536 300 сом которду.

Ички иштер Министрлиги 1 млн. 230 100 сом которду.

Бирок кандай кылмыштары үчүн бул акчалар өндүрүлгөндүгү тууралуу расмий маалыматтар жок.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх