Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамэкотехинспекциянын Бишкек боюнча жаңы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү тууралуу иш боюнча сурактан өттүбү?

Рустам Маметовду кесилген манжа менен кулак салынган «белек баштыкчасынын» алкагындагы жаңжал тууралуу суракка алышты  

Кыргызстандын президентинин администрациясынын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун чуулгандуу өлүмү тууралуу иште мурунку шектүү Рустам Маметов жакында эле Мамэкотехинспекциянын Бишкек шаары боюнча башчысы болуп дайындалган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.

Белгилей кетчү нерсе, ушул жылдын 22-октябрында борбор калаанын мэриясында Маметовду Бишкек шаары боюнча Мамэкотехинспекциянын начальниктигине сунушташкан. Бирок анын аты азыр Медетбек.

Vesti.kg сайты маалыматты тактоо иретинде Мамлекеттик экология жана техникалык коопсуздук кызматынын маалымат кызматына кайрылды. Ал жердегилер жаңы жетекчини Рустам дешээрин айтышты.

- Паспорту боюнча ал Медетбек Маметов, бирок биз аны Рустам дейбиз. Анын айтымында, аны кесиптештери, достору ошентип аташат. - Мурда Маметов Ош шаары боюнча Мамэкотехинспекциянын аймактык башкармасында начальник болчу.

Белигей кетчү нерсе, Медет Садыркуловду өлтүрүүнү уюштурганга шектүү деп мурда эсептелген Рустам Маметов Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө начальник болуп да иштеген. Мамэкотехинспекциянын маалымат кызматы Vesti.kg сайтына азыркы башкармалыктын жетекчиси Маметов мурда укук коргоо органында кызмат кылгандыгын такташты.

- Ал мекемеде 2 жылдан бери иштейт. Биздин билишибизче ал мурда Бишкекте органда иштеген, - деп жооп беришти мекемедегилер.

Эске сала кетели, Рустам Маметовду 2011-жылы 19-сентябрда Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу шектүү катары кармашкандыгын ИИМ билдирген болчу.
 
Ичк иштер Министрлигинин маалымат кызматынын материалында Свердлов РИИБ мурдагы кызматкери Т. Маматов жана Р. Маметов бул ишке айыптуу катары сурак берип жатат. Баарына белгилүү «Белек баштыкчасы» иши боюнча Маметов суракка алынган.  

Эске салабыз, куттуктоо баракчасы менен кошо кишинин кесилген кулагы жана манжасы салынган «белек баштыкчасын» президенттин администрациясынын мурунку башчысына белгисиз бирөө берип жиберген.
Ошол убакта Рустам Маметовго үй камагына алуу бөгөт чарасы көрүлгөн.

ИИМдин маалымат кызматы Vesti.kg сайтына жаңы дайындалган Мамэкотехинспекциянын начальниги Медетбек Маметов, Садыркуловду өлтүрүүдө суракка алынган Рустам Маметов экендигин аныктап берүүнү убада кылышты.

Сүрөт www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх