Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргыз бийлигинин узак мөөнөттүү, келечекке деген долбоору жок»

Ошондуктан жакшы кадрлардын баары өлкөдөн тынымсыз кетип жатышат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдө «мекендештин паспортун» киргизүүнү көздөп жатат. Ал документ башка өлкөнүн жарандары үчүн жасалат да, республиканын аймагында мөөнөтү чектелбеген убакка чейин жүрө берет.

Мындай паспорту бар адамдар Өзбекстанда окууга жеңилдик алат. Ошондой эле өзүнө, үй бүлөсүнө виза алганга оңой болот. Ишмердүүлүгүн ишке ашырууга, жашаганга уруксат алууга  мүмкүнчүлүк болот.


Мирзиёевдин токтомунда «мекендеш паспортун» алган жогорку квалификациялуу адистиги бар жарандар болсо, алар мамлекеттик жогорку кызматтарга, башкаруучу органдарга, чарбалык башкарууга жана аткаруу бийлигинин бардык бутактарына жумушка алынат. 


Андан сырткары, алардын социалдык жана турмуштук көйгөйлөрүн чечүүгө жардамдашат: окуусуна толук же жарым акысын төлөп берет, ошондой эле ишкерлик жаатындагы долбоорду ишке ашырууда, илим билим жаатындагыларга кыймылсыз мүлк берилет.


Сунушталган документ жалпы жарандык паспорт менен тең болбойт. Ошондуктан башка өлкөдөн келген жарандар кош жарандуулуктун кереги жок жерде аны колдоно алышпайт.


Мурдагы элчи Марс Сариев Vesti.kg сайтына өзбек президентинин мамлекетти модернизациялык секирик жасоого даярдап жатат деп түшүндүрдү. Кө убакыт бою өлкө акылдуу кадрлардын жетишсиздигинен аксап келди, эми аны Мирзиёев оңдойт экен.

- Өзбекстанда атомдук электр станциясын курууга камынып жатышат, - дейт эксперт. - Ошондуктан алар башка өлкөлөрдөн акыл-эстүү кадрларды тартканы жатат. Ал башка жактан барган адамдар саясатка киришүүгө акысы жок болот, жалаң гана иштешет. Сариев бул кадларды тартуу капшабы Кыргызстанга да таасирин тийгизиши мүмкүн дейт.

Бирок, анын ою боюнча, биздин өлкөдөн ал жакка барчулар деле жок. Өзбекстанга керек болуп жаткан кадрлар бизде ансыз да аз.

- Адистерди мектептен баштап өстүрүү керек, - деп эсептейт саясат таануучу. - Бирок бизде модернизациялык секирик жасоого өнөр жай дараметибиз жок. Бийликтин андай келечекке долбоор түзүү тууралуу ой кыялында да жок. Мурда бир нерселерди пландашчу, азыр таптакыр эле жок.

Саясат таануучу Дмитрий Орлов Өзбекстандын лидеринин демилгеси Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоосуна таасирин тийгизээрине ишенбейт. Анын ою боюнча, биздин жарандар Өзбекстанда жашоого куштар эмес.

- Адегенде ошондой паспортту киргизишсин, анан көрөбүз андан аркысын. Демейде айтылган сөз менен кылынган иштин айырмасы өтө чоң болуп калат, - дейт эксперт.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх