Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ирина Карамушкина: Мени саясий ишмердүүлүгүн токтотсун деп, жол кырсыгындагы өлүмдү козгоп чыгып жатышат

Депутатты алты жыл мурун машина менен тебелеп кеткендиги үчүн жоопко тартууну сурап жатышат

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын  айдоочусу катышкан жол кырсыгындагы жабыр тарткандардын жактоочусу бийликтен депутаттын жоопкерчилигин жана мурдагы башпрокурор Аида Саляновага карата ишти кайра кароону суранат.

Ушундай деген талабы менен юрист Канат Жайлообаев Бишкекте маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Депутат Карамушкина адегенде бул нерсеге акылы жете бербеди, анан алты жыл мурдагы шоопурунун тебелеп кеткендигин эсине түшүрдү.

Эл өкүлү Vesti.kg сайты менен болгон маегинде жабырланган үй бүлөнүн жактоочусу жактоочулук лицензиясынан айрылыш керек деди.

- Андай боло турган болсо баарын карап чыгуу зарыл, Кыргызстанда 1012-жылы канчалаган жол кырсыгы болду, башкача айтканда 6 жыл мурун, - деди Ирина Юрьевна. - Эмне үчүн менин гана шоопурум катышкан жол кырсыгы кайрадан каралышы керек. Керек болсо жол кырсыгына жогорку даражалуу чиновниктин өзү катышкан учурлар да бар. Жактоочулар Кеңеши юрист Канат жайлообаевдин лицензиясын алып салууга ниеттенип жатышат. Алардын айтымында, ал адамгерчилиги өтө төмөн адам.

Андан сырткары, бул жасалып аткан нерселердин баары менин саясий ишмердүүлүгүмдү токтотууга жасалып жаткан аракет дейт Карамушкина.

- Балким мунун баары ушунча жыл өткөн жол кырсыгын козгоп чыгып, менин саясий ишмердүүлүгүмдү токтотууга болгон аракет болгондур, - дейт депутат. - Кимдир бирөө меин фамилиямды коомдук талкууга алып чыгып, коркуткусу келип жаткан чыгар. Эмне үчүн мен? Алар үндөбөй эле сотко кайрылышса деле болмок да. Шоопурумдун жоопкерчилигин карап көрө беришсин.

Мунун баарын жасап жаткандар ыплас адамдар.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын шоопуру 2012-жылы 26-февралда эки жөө кишини машина менен коюп кетип, анын бири каза болгон.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх