Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат - Улуттук банктын жетекчилигине: Силер «Росинбанктан» бардык акчаны чыгарып кеткиче күтүп отура бердиңерби?

Экмат Байбакпаев КРУБ жана каржылык чалгындоону сынга алды

Улуттук банк  капиталды чыгарып кетип жатканда «Росинбанктын» үстүнөн банктык көзөмөл кылган эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Экмат Байбакпаев билдирди.

- Менде «Росинбанктын» каржылык абалы тууралуу ачык булактардан маалыматтар бар, - деди ал. - Бир жылдын ичинде капиталдын суммасы эки эчеге азайып кеткен. Улуттук банк эмне менен алек болгон? Ал эми каржы чалгындоосу эмне эч кандай чара көргөн эмес?

Өз кезегинде КРУБнын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш депутатка жооп берди. Азыркы учурда «Росинбанкка» түздөн түз банктык көзөмөл болуп жатат деп билдирди.

- Кеч болуп калды, - деди Байбакбаев. - Былтыр жоготуубуз4 миллиард сомдун деңгээлинде болгон, андан соң өлкөдөн бардык капиталын чыгарып кетти. Эмне бардыгын чыгарып кетсин де күтүп турдуңарбы?

Түшүндүрө кетели, бүгүн депутаттар «Кыргыз Республикасынын банк ишмердүүлүг жаатындагы мыйзамдык актылардын кээ бирлерине түзөтүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорду үчүнчү окууда карап жатышат.

Вероника Малышева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх