Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Сабиров: Жомок айтпагыла! Бекер төрөтүү деген биздин өлкөдө жок

Эл өкүлү кыргызстандыктардын төрөт үйүндө 15 миң сомдон төлөөгө мажбур экендигине нааразы

Бекер төрөтүү Кыргызстанда жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин пленардык отурумунда депутат Максат Сабиров билдирди.
- Азыр мамлекеттик төрөт үйлөрүндө төрөө канча сом турат? - деп кызыгып суроо берди саламаттык сактоо Министрлигинин өкүлүнө.

Депутатка социалдык камсыздоо программасы боюнча төрөө акысыз деп жооп беришти.
- Ооба, кээде каржылык тартыштыктардан улам төрөгөндөргө бир аз суммадагы акча төлөөгө туура келет, - деди саламаттык сактоо Министрлигинин өкүлү.

Өз кезегинде Сабиров кыргызстандыктардын төрөө үчүн 15 миң сом төлөшөөрүн айтты.
 
- Жомок айтпагыла! - деп ачууланды депутат.

Түшүндүрө кетели, бүгүн депутаттар «жарандардын тукум улоого болгон укугу жана аны ишке ашыруу кепилдиги жөнүндөгү» мыйзамга түзөтүү киргизүү үчүн мыйзам долбоорду экинчи окууда карап жатышат.

Вероника Малышева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх