Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жол чарбасы Департаментинин башчысынын орун басары жолчулардын иш таштоосунан эч кандай кыйынчылыкты деле көрбөй турат

Чиновник жумушчулар сууктун айынан ансыз да жол оңдоо иштери токтоп турат деп түшүндүрдү

«Лонг Хай»  кытай курулуш компаниясынын жумушчуларына үч айдан бери эмгек акыларын беришпейт, анткени Кыргызстандын транспорт Министрлигинин жол чарбасы Департаменти кытай компаниясына 251,1 миллион сом карыз. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына айтылган департаменттин орун басары Жумаш Сооданбеков билдирди.

Балыкчы - Корумду жолун оңдоо 2015-жылдан бери келе жатат, - деп эске салат ал. - Буйрутма берген тарап биздин департамент, аткаруучу - «Лонг-Хай» компаниясы. Ушул убакыттын ичинде 7 миллиард 786,1 миллион сомдук жумуш аткарылды. Бүгүнкү күнгө акыркы жасалган жумуштун сертификатын тапшыргандан кийин жол чарба Департаменти 251,1 миллион сом карыз болуп калдык. Ушунун айынан жумушчулар айлыктарын ала албай жатышат. Ушул себептен алар иш таштоого чыгышты.

Жумаш Асанович айлыкты төлөө «Лонг Хайдын» милдети экендигин кошумчалады.
- Алар жумушчулардын айлыгын бериши керек, андан соң жардам акчаны алышат, - деп түшүндүрдү ал. - Бизде болсо республикалык бюджеттен каражаттын бөлүнүшү кечигип жатат. Азыр бул маселе Жогорку Кеңештин тийешелүү комитети жана каржы министрлиги тарабынан каралып жатат. Жакында каражат келип түшөт. бирок мен жумушчулардын иш таштоосун бир чоң кыйынчылык катары карабайт элем. Анткени жол оңдоо иштери суукка байланыштуу ансыз да токтотулган. Суукта курулуш иштерин кылганга мүмкүн эмес да. Бирок бир жагынан алар да айлыктарын ала албай жатышат. Биз бул багытта иштеп жатабыз.

Түшүндүрө кетели, бүгүн жумушчулар Балыкчы - Корумду жолун оңдоо иштерин токтотушуп, иш таштоо кылышты. Анткени аларга 3 айдан бери эмгек акыларын беришпейт. Бул тууралуу ММКлар жазып чыгышты.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх