Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Инвестиция тартуу менен аймактарды өнүктүрсө болобу?

Бишкекте өткөн эл аралык биринчи тоо-геологиялык форумунда чет элдик инвесторлорго Кыргызстандагы тоо кен байлыктарын иштетүүгө жол ачыктыгы айтылды

Кыргызстан тоолуу аймак болгондуктан андагы кен байлыктардын саны көп. Бүгүнкү күндө мамлекеттин балансында 430 тонна алтын,208 миң тонна калай,144 миң тонна вольфрам, жер астындагы сейрек кездешүүчү 51 миң тонна темир, 349 миллион тонна алюминий, 1 миллиард тоннадан ашык көмүр кени, 2358 тонна молибден,156 миң тонна сурма жана 140 миң тонна сымап бар. Бул кен байлыктар изилденип такталган. Жер астынан изилдене элек байлыктар көп экени форумдун жүрүшүндө айтылды. Жогорку Кеңештин депутаты, отун энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин мүчөсү Умбеталы Кыдыралиевтин айтымында жер казынасын пайдалануу туурасындагы мыйзам

Парламент тарабынан 2018-жылдын май айында кабыл алынган. Анда үч тараптын: мамлекеттин, инвестордун жана кен байлык жайгашкан аймактагы жергиликтүү жашоочулардын кызыкчылыктары бирдей көрсөтүлгөн.

Кыргызстандагы тоо-кен тармагындагы адистер чет элдик чоң инвесторлор келип кен байлыктарды иштетүүдө жергиликтүү жашоочуларды да жумуш менен камсыз кылып, алардын да кызыкчылыктарын унутта калтырбаса үч тарапка тең пайда алып келээрин айтышты. Тоо-кен байлыктарын иштетүү багытында бардык тарапты камтыган атайын жер казынасын пайдалануу боюнча тоо кодекси кабыл алынышы керектиги белгиленди. Кыргыз тоолор ассоциациясынын президенти Ишимбай Чунуевтин айтымында тоо кодекси коңшу Казакстан менен Монголияда бар жана жакшы иштеп жатат.

Кыргызстандагы тоо-кен тармагында көп жылдан бери ийгиликтүү иш алып барган «Аджи сервис» мүмкүнчүлүгү чектелген коому биринчи эл аралык тоо-геологиялык форумун өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккан. «Аджи сервистин» башкы директору Айгерим Омокееванын айтымында буга чейин тоо-кен тармагына чоң коррупциялык системалар менен иштеген, айрым жеке тараптардын кызыкчылыгын көздөгөн инвесторлор иштеп келген. «Мындан ары Кыргызстан тоо кен тармагы боюнча мыйзамдарды бекемдеп, таза иштеген инвесторлорго жол ачышы керек.Алар өз учурунда кен байлык жайгашкан аймактын жашоочулары менен тыгыз иштеп, өзгөчө жаштарды иш менен камсыз кылууга бел байлашы керек»-деди Айгерим Омокеева.

Биринчи эл аралык тоо-геологиялык форумунда атайын көргөзмө да уюштурулуп, ага Россия Федерациясынын Новосибирск, Иркутск шаарларынан, Кытай, Казакстан,Монголия жана башка өлкөлөрдүн тоо-кен байлыктарын казып иштетүү тармагындагы тажрыйбалуу адистер келишкен. Эл аралык форум эки күнгө созулмакчы.

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх